Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

Амирбек Азам уулу, Прага шаары Израилдик аскерлер бүгүн (жекшемби күнү) таңга жуук Газа тилкесиндеги палестиналык качкындардын эки лагерине жортуул жасашты. Батыш маалымат булактарынын билдиришинче, жортуул учурундагы айкашта кеминде 14 палестиналык өлтүрүлдү. 40 чакты адам жарадар болду. Израил аскерлери операция “террордук топтордун базаларын” кыйратуу максатында жүргүзүлгөнүн билдиришти.

Премьер-министр Ариел Шарон Газа тилкесиндеги жөөт келгиндеринин конуштарын өлкө ичине көчүрүү планын жарыя кылаардын алдында, Израил армиясы палестиналык куралдуу топторго каршы айоосуз аракеттене баштады.

Бүгүн таңга жуук абадан тикучактар, жерде танкелер менен бронемашиналар коштогон жөөт аскерлери палестиналык качкындардын Бурейж жана Нусейрат лагерлерине басып киришти. Газанын ортолук бөлүгүндөгү бул эки лагер Израил-Мисир чек арасына танапташ жайгашкан.

Маалымат агенттиктеринин билдиргенине караганда, жоокерлер үймө-үй тинтүүнү жүргүзүшкөндө, тамдардын чатырына жайгашкан жөөт снайперлери көчөдөгү кыймыл-аракетке кылдат көз салышып, өз аскерлеринин коопсуздугун камсыздап турушту.

Израилдик аскерлер палестиналыктардын лагерине киргенден көп өтпөй эле катуу аткылашуу башталды. Кагылышууда өлгөн адамдардын саны жөнүндө карама-каршылыктуу маалыматтар айтылууда. Франс пресс агенттигинин дарыгерлер менен коопсуздук кызматтарына шилтеп маалымдашынча, салгылашууда бери дегенде палыестиналык 12 атуул өлүп, 60тан ашуун киши жарадар болду. Жарадар болгон беш адамдын абалы өтө оор.

Немистердин ДПА агенттиги 14 жаштагы бала да ок кабылып өлгөнүн кабарлады. Ройтер агенттиги болсо таңкы салгылашууда кеминде 10 адам өлүп, 40 палестиналык, алардын ичинде бир нече жаш бала да жарадар болгонун маалымдады.

Израил радиосунун билдиришинче, өлгөндөрдүн үчөө палестиналык согушчандар. Палестиналыктар жети жоочу өлдү дешет.

Израилдин аскерий жетекчилиги жекшемби күнкү таңкы жортуул тууралуу: ”Бул террорчулардын инфраструктурасына каршы жасалган операция болду”, - деп, жортуул палестиналык согушчандардын чабуулуна жооп иретинде өткөрүлгөнүн билдирди.

Ишемби күнү “Жип” маркасындагы эки автомобилге Израилдин желегин тагып, аларды израилдик аскерлердин машинеси өңдүү бойоп алган беш палестиналык Газадагы Эрец бекетине чабуул жасашкан болчу.

Биринчи “Жип” бекетке токтобой койгондо, андагы эки жоочуну жөөт жоокерлери атып өлтүрүшкөн. Экинчи “Жип” Эрец бекетинен жанына жете барып жарылганда, айдоочу менен палестиналык эки полициячы өлүп, 15 киши жарадар болгон. Ошол эле күнү башка бир такси айдаган жоочу бекетке жете келип, өзүн өзү жардырган.

Палестиналык согушчандар буга чейин мындай тактиканы колдонушкан эмес болчу.

Жекшемби күнү Израил армиясынын штабынын акими, генерал Моше Яалон палестиналык куралдуу топторго каршы чечкиндүү аракеттенүү жөнүндө жакында кабыл алынган чечимге ылайык “башка да операциялар” өткөрүлөт деп эскертти.

Палестиналыктардын “Хамас”, “Ислам жихады” жана “ал-Аксалык азаптуулар бригадасы” израилдиктерге каршы дагы жаңы чабуулдар жасалат деп убада кылышты.
XS
SM
MD
LG