Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:12

ОРУС ФОТОЖУРНАЛИСТИКАСЫНДА ТААСЫН ОРДУ БАР АЙЫМ - ГАЛИНА КМИТ


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва. Орус фото-журналистикасынын калыптанышында ысымы бир канча муундарга белгилүү болгон замандашыбыз Галина Кмиттин салымы чоң. Кмит айымды Орусияда тасмага тартуу ишинин пайдубалын түптөгөн алгачкы аял катары баалашат. Аялдардын эларалык майрамы алдында Кмит айым менен көрүшүп, аны менен кеңири маектешкен элек. Анда эмесе, азыр көңүлүңүздөрдү бул айым тууралуу баянга бурабыз.

Мойнундагы фотокамерасын түшүрбөгөндөй эле, башынан жоолугун албаган кара түстүү көз айнекчен сүрөтчү аялдын бейнеси мындан 20-30 жыл мурда кандай таанымал болсо, бүгүн да бул айым ошол доордун бойогун жоготкон жок.

Орусиялык журналисттердин арасында бул инсандын келбети, жүрүш-турушу жана жетишкен ийгиликтери тууралуу түрдүү ырлар менен аңгеме-тамашалар жаралып, бүгүнгө чейин анын урматына айтылган жылуу сөздөр басаңдабай келет.

Бул – Галина Кмит. Табышмактуу аял.

Аны таап, жолугушкандан кийин менде ал тууралуу жаралган биринчи ой ушундайча болду.

Кмит айымдын жашы канчада экендигин ал иштеген РИА-Новости маалымат агенттигинин адистер бөлүмү да так билбейт деп коюшат.

Фотожурналистикада алгачкы ирет ысмы 1970-жылдардын баш чендеринде аталгандан бери жарым кылымдан азыраак мезгил өттү. Анын көз алдынан өткөн дүйнөнүн жүздөгөн улуу инсандары, орус элинин турмушунда орун алган урунттуу окуялар бүгүн бир канчалаган көргөзмөлөр топтомун түзөт. «Менин атаандаш айымдарым» («Мои соперницы») деген аталышта чыгаан аялдардын сүрөттөрүнөн турган көргөзмө бир канча жолу дүйнөнү кезип, ал эми «Бул келишкен мырзалар» («Эти великолепные мужчины») көргөзмөсү жараткан талкуу бүгүнкү күнгө чейин күчүн жогото элек.

Сүрөтчү айымдын сүйүктүү жанры – портрет. Чыгармачылыктагы ийгилигинде эч кандай деле сыр жок дейт Галина Васильевна.

- Белгилүү адамбы же сүрөткө көп түшпөгөн кишиби, айтор, кимди тасмага түшүрбөңүз, эгерде ал аны сүрөткө тартып жаткандыгын сезсе, баары бир киши өзгөрө түшөт. Ошондуктан мага көбүрөөк «капыстан эле тымызын» тартылган сүрөттөр жагат. Аларда адамдын чыныгы маанайын көрүү оңой.

Негизи, Галина Кмитти сөзгө тартып, жолугушууну уюштуруу мен ойлогончолук кыйын деле болгон жок. Балким, буга Галина айымдын өз кесиптештери, анын чыгармачылыгына тен беришкен күйөрмандары, дегеле сырткы дүйнө менен түзүлгөн жылуу мамилеси түрткү болгондур.

Дайыма маанайы ачык, шайыр, а балким, бир аз эркелик мүнөзүнөн арылууну каалабаган биздин каарман ушул сапаты менен мени өзгөчө таң калтырды. «Жашоодо дайыма биз суктанып, умтула турган жарыктын, максаттын болушу өтө маанилүү», - дейт ал. Галина Кмит үчүн махабат сезими мына ушундай даражага ээ:

- Чынын айтканда, мен бир канча жолу сүйүү эмне экендигин сезе алдым. Ар жолкусунда, эмнегедир, бул сезим түбөлүккө сакталчудай сезилген. Үч ирет турмушка чыгып, үй-бүлөлүк жашоону да тааный алдым. Тагдырдын буйругубу, же жумуштун оордугубу, айтор, жашоодо баары бир өзүмдүн жеке кудуретиме гана ишенип, көп кыйынчылыктардан өз башым менен өткөнгө туура келди.

«Аялзат дайыма жаркырап туруучу жылдыз. Андыктан, анын нуру ар дайым айланага жарык тийгизип турат. Буга суктануу гана керек», - деп эсептейт Галина Кмит.

Өзүнүн күйөрмандары тууралуу кебин уланткан сүрөтчү: «Кезегинде артыман чуркагандар кудум мухиттей сезилчү», - дейт:

- Барган сайын бул океан деңизге, кийин дарыяга айланып, мезгил өткөн сайын арыктагы суудай толкуну басаңдап баратат. Бул деле жаман деп ойлобойм. Жөн гана мезгилдин белгиси болсо керек. Акыркы күндөрү жумушка барып, кайра келүү үчүн гана канча күч жумшоого туура келет. Анын үстүнө, мойнумдагы оор салмактуу фотокамераны көтөрүп, айланадагыларга эч кыйналбагандай түр көрсөтүүгө аракеттене берем. Москва барган сайын кеңейип барат, шаарда машине айдоо азыр мен үчүн аябай эле татаал болуп калды. Кечинде үйгө келгенде эч кандай жолугушуу тууралуу ойлогонго да алым калбайт, - деп, сүрөтчү айым баары бир зуулдап аккан жашоонун дайрасынан четтөөнү каалабай тургандыгын айтат.

«Чоочун адамдын кагаз бетине түшүрүлгөн образына жан дүйнөсүнүн бир бөлүгүн тартуулап, аны «тирилте алчу» сүрөтчү гана мактоого татыйт».

Улуу жазуучулардын бири сүрөт өнөрү тууралуу ушинтип жазган жери бар. Эмнегедир, сүрөтчү аялдын үйүндө ушул ой эсимен кетпей койду. Ар бир бөлмөсү кайсыл бир мезгилдерге чакырып, сырдуу да, сулуу да, кээде аянычтуу да жүздөр менен баарлашууга үндөгөндөй.

Сүрөттөрдөгү өзгөчө дүйнөнүн ээси Галина айымдын ишениминде, пенденин жүзү – дүйнөнүн канчалык деңгээлде бай, канчалык асыл экендигине далил.
XS
SM
MD
LG