Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:38

КЫРГЫЗСТАНДА АЯЛДАР КЫЙМЫЛЫ МЫНДАН 80 ЖЫЛ ИЛГЕРИ БАШТАЛГАН


Кыргызстанда 8-март - аялдардын эл аралык күнү расмий майрам катары белгиленип, аялдардын коомдогу, үй-бүлөдөгү орду жылына бир ирет салмактанат. Быйыл да 8-март майрамына арналган салтанаттуу жыйында президент Аскар Акаев Кыргызстанда гендердик саясатты күчөтүп, өлкөдө аялдардын мамлекеттик башкарууга катышын күчөтүү зарылдыгын билдирди. Саясатчы айымдардын айрым өкүлдөрү мындай убадалар сөз жүзүндө кала берип жатканын белгилешүүдө.

Кыргызстанда аялдар кыймылы мындан 80 жыл илгери башталган. 1924-жылы Кара Кыргыз автономиялуу облусундагы аялдардын биринчи курултайы болуп, анда аялдар кеңештери түзүлгөн. Курултай коллективдүү жаңы турмушка аялдарды тартып,алардын сабатсыздыгын жоюу милдетин да алдыга койгон. СССРдеги жумушчу-дыйкан аялдардын коомдогу активдүүлүгүн арттыруу багытын көздөгөн саясат Кыргызстанда да күч алып, жүздөгөн аялдар атайын ченемдин негизинде мамлекеттик башкаруунун ар кандай тармактарына тартылган.

Мындай мамиле Кыргызстан эгемендик алгандан кийин кыйрап, акылы, билими жана табигый күч-дарамети жеткилең аялдардын саны саясатта азайа түшкөн. Ал кенемте, айрыкча, парламентте бийик. Азыр кош палатада биригип алты гана аял депутат бар.

Мына ушул кенемтени толтуруу максаты менен президент Аскар Акаев 2002-жылы гендердик саясатты өнүктүрүү тууралуу жардыгын чыгарган. Бирок, ал кагаз жүзүндө гана калгандыктан 5-марттагы салтанаттуу жыйында аялдарды бийликке тартуу зарылдыгын президент Аскар Акаев:

- Силер багындыра элек бир гана бийиктик калды. Ал мамлекеттин жогорку бийлиги. Менин оюмча, ал дагы 2005-жылы боло турган шайлоолордо оңдолот -деп баса белгиледи.

Кыргызстандагы аялдардын көбүнүн президент белгилеген бийиктикти багындырууга дарамети жетиштүү. Бирок, ал бийиктин бирөө - парламенттик шайлоого катыша келгенде эле марага жеткен аялдар аз.

Көпчүлүк байкоочулардын баамында, 2005-жылы парламентке аялдардын такыр эле келбей калышы мүмкүн. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Токтокан Боромбаеванын айтымында, буга аялдардын материалдык жактан көз карандылыгы жана жергиликтүү элдин коомдук аң-сезиминин чектелүүлүгү негиз берип жатат. Депутат болууну эңсеген акчалуу адамдар азыртан эле жергиликтүү элдин кадыр-барктуу адамдарын колго алып, эл арасында үгүт иштерин тымызын башташты. «Ушундан улам депутат болууга жөндөмү бар көп аялдар ниетинен тая баштады»,-дейт Токтокан Боромбаева:

- Мамлекет аялдарга азыртан шарт түзүүсү зарыл. Анткени, биз өзүбүздүн саясий партиянын, башка партиялардын мүчөлөрү жана коомдогу көп аялдар менен жолугушууларды өткөрүп жатабыз. Анда шайлоого катышам деген бекем ишенимдеги аялдардын депутаттыктан баш тартып жаткандыгын билдик. Ага 30 миң сомдук күрөө салуу жана өзүнүн шайлоо фондун түзүү талабы кедергисин тийгизүүдө. Экинчиден, азыр бир округда 10-15тен талапкер болоору болжолдонуп жатат. Алардын арасында акчалуу жигиттер көп болчудай. Акчалуу жигиттер менен материалдык жактан теңтайлашууга кудуретибиз жетээр бекен деп азыр аялдар абдан бушайман болуп жатышат. Ошондуктан, бийлик элдин добушун материалдык жактан сатып алууга тыюу салуусу зарыл. Азыр акчалуу бир топ адамдар аш,той, улак тартыш беришип, ар кандай шылтоо менен округдарына барып юбилей белгилеп жатышат. Мына ушулардын баарына тыюу салмайынча акчага муктаж болуп турган айыл жериндеги элди акчага тез эле сатып алышчудай.

Ал эми аялдардын укугун коргоо жаатында көп иштерди жүргүзүп келе жаткан Адам сатууга каршы күрөш жүргүзүү боюнча улуттук комиссиянын координатору Алтынай Сулайманованын пикиринде, аялдардын жогорку мамлекеттик бийликке аз тартылышына эркектердин, анын ичинде мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерлердин ич тардыгы башкы себеп:

- Аскар Акаевдин айтканын ишке ашырууга мамлекеттик кызматкерлер милдеттүү. Тилекке каршы, алар бул саясатка такыр көңүл бурбай жатышат. Аялдарга алар ишенишпейби, айтор, көзгө көрүнбөгөн тоскоолдук бар. Алар «макул,макул» деп баштарын ийкеп коюшат да, ишке ашыра келгенде, маселен, бир кызматка аял менен эркек сунушталып калса алар сөзсүз түрдө эркекти колдоп кетишет.

Ал эми Дипломатиялык академиянын проректору, профессор Жылдыз Бакашеванын баамында, аялдардын жогорку бийликке келүүсүнө чыныгы шарт түзүлө элек. Буга, эң ириде коомдо аялдар үйдө гана иштеп, үй-бүлө очогунун уюткусу болушу керек деген көз караштын али салмактуу бойдон калып жаткандыгы негиз берүүдө:

- Бизде «Аял билген кайран иш» же «Байтал туйлап такка турбайт» деген көз караш бар. Ушул психологиялык көз карашты жеңмейинче өзгөрүү болбойт го.

Мына ушул жагдайга саресеп салган айрым байкоочулар 8-март күнү аялдардын коомдогу, турмуштагы орду тууралуу айтылган кооз каалоо-тилектер иш жүзүнө толук ашып, аялдардын мамлекеттик жана коомдук турмуштун тизгинин колуна алуусу үчүн олуттуу кедергисин тийгизип жаткан психологиялык, материалдык жана башка бөгөттөр али козголо элек деген бүтүмгө келишүүдө.
XS
SM
MD
LG