Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:44

Бүгүн Ирактын Башкаруу Кеңеши убактылуу конституцияга кол койду. Жаңы конституция Саддам режими учурунда одоно бузулуп келген атуулдук эркиндиктерди кепилдейт. Башкаруу Кеңешинин мүчөлөрү документке кол коюп жатып, аны жаңы доор барагын ачкан тарыхый кадам деп баалашты.

Бүгүн Багдадда болуп өткөн салтанат диний жөрөлгө менен башталды. Андан кийин Ирактын жаш муундарынын өкүлдөрү сахнага чыгып, арабча ыр аткарышты.

Башкаруу Кеңешинин төрагасы, андан кийин сөз сүйлөгөн кеңеш мүчөлөрү убактылуу конституциянын маани-маңызына кыскача токтолуп, аны Ирак эли үчүн тарыхый жетишкендик катары баалашты. Күрттөрдүн лидерлеринин бири Махмуд Барзани бул күндү жаңы Ирактын жаралуу күнү катары сыпаттады. Андан соң Кеңештин 25 мүчөсү баш мыйзамга кол коюшту.

Конституцияга ылайык, өткөөл доордун улуттук парламентине шайлоо эң кеч дегенде 2005-жылдын январь айында өткөрүлүүүгө тийиш. Ошол жыйын туруктуу констиуцияны иштеп чыкмакчы. Эң негизгиси, конституцияда Ирак сөз жана диний эркиндиктерди урматтаган, атуулдук коомдун өзөккү эрежелерин туткан мамлекет катары аныкталат.

Шарият болсо убактылуу конституцияда мыйзам чыгаруунун бир гана булагы деп көрсөтүлгөн. Андан тышкары, өткөөл парламенттеги орундардын 25 пайызы аялдар үчүн бөлүнүп берилет.

Конституцияда федерализм Иракты башкаруунун системасы катары белгиленет. Күрттөрдүн азыркы деңгээлдеги автономиясы сактала бермекчи. Анткени менен, азыркы документ күрт автономиясынын келечеги кандай болоорун чечмелебестен, маселени чечүүнү, анын ичинде чөлкөмдүн чек арасын аныктоону кийинкиге калтырды.

Документке кол коюу ырасымы буга чейин эки ирет үзгүлтүккө учурап калган. Өткөн аптанын шейшемби күнү шийилердин диний майрамы маалында бомба жардырылып, апаат 180ден көп адамдын өмүрүн алып кеткен эле. Өлкөдө аза күтүү жарыяланып, кол коюу аземи болбой калган. 5-мартта болсо Ирактын Башкаруу Кеңешинин бешшийи мүчөсү акыркы мүнөттө салтанаттуу аземге катышпай коюшту. Себеби, шийилердин диний лидери аятолла Али Систани документтин айрым беренелерине каршы экенин билдирген.

Дем алыш күнкү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, тараптар мунасага келип, конституциянын мурда сунуш этилген варианты кабыл алынды.

АКШнын расмий өкүлдөрү убактылуу конституцияны формалдуу түрдө “өткөөл доордун башкаруу мыйзамы” деп аташат.

Өткөн жумада Ирактын америкалык администратору Пол Бремер аны мындай деп чечмелеген эле:

- Адамдын жеке эркиндиктерине кепилдик берген башкаруу мыйзамына кол коюлат. 30-июнда коалиция башкарууну Ирак элине өткөрүп берет. Эмки жылы үч шайлоо болот. Анын соңкусу Ирактын көз карандысыз өкмөтүн тандайт.

Убактылуу конституция АКШ аскерлеринин өлкөдө кала берүүсүн жактайт. Америкалык армиянын генералы Жон Абизайиддин айтымында, жаңы мыйзам боюнча АКШлык аскерий жетекчилик эл аралык жана жергиликтүү күчтөрдүн үстүнөн көзөмөл жүргүзө алат. Бул көзөмөл канчага созулаары азырынча тактала элек.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG