Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:04

ГРЕКИЯДА БИЙЛИККЕ “ЖАҢЫ ДЕМОКРАТИЯ” КЕЛДИ


Кубат Оторбаев, Прага Кечээ – 7-мартта Грекияда “Жаңы демократия” консервативдик коалициясы парламенттик шайлоодо жеңишке жетти. Ошентип 1993-жылдан бери өлкөнү башкарып келаткан социалисттик партия бийликтен кетти. Жаңы өкмөттүн алдындагы эң башкы милдет – жайкы Олимпиада оюндарын татыктуу өткөрүү жана Кипрдин биригишин ийгиликтүү турмушка ашыруу болуп жатат.

7-мартта өткөн парламенттик шайлоону оңчул-борборчулардын “Жаңы демократия” партиясы утуп алды. Бийликте акыркы 20 жылга жакын убакыттан бери келаткан социалисттик партиянын өкүлү – эми өлкөнүн мурдагы премьер-министри Георге Папандреу таймашта анын партиясы алдырып койгонун мойнуна алды.

Акыркы жарым кылымда Грекияны башкаруу үчүн ушул эки партиянын – социалисттер менен “Жаңы демократия” партияларынын ортосунда курч күрөш жүрүп келатат. Бирок Георге Папандреу социалисттик партиянын жетекчиси болуп бир жарым ай мурда гана шайланган. Ошондуктан өзүнүн жеңилип калышын убакыттын тар болуп, жакшы даярдык көрбөй калганы менен түшүндүрүп жатат. Акыркы учурда социалисттер коомчулук жана оппозиция тарабынан катуу сынга кабылышкан болчу. Аларды коррупцияга малынып, өлкөнү өнүктүрүүгө жарамсыз болуп калды деп келишкен.

Социалисттердин бийликте калышына шайлоонун алдында алар Афинада өткөргөн ири демонстрация да жардам бере алган жок. Көп эл катышкан ал жыйында чыгып сүйлөгөндөр социалисттер акыркы 20 жылда бийликти тизгиздеп, мол тажрыйба топтошконун айтып, үгүт жүргүзүшкөн. Жыйында партиянын жаңы лидери Георге Папандреу узакка сүйлөп, “социалисттер эми өзгөрөт, коррупцияга каршы айоосуз күрөш баштайбыз” деген убадаларды берген болчу. Бирок ага карабай шайлоочулар бийликте кандын алмашышын каалады

Эл жаңы бийликти туура көксөп, туура чечим кабыл алганын дүйшөмбүдө - 8-мартта эртең менен маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүндө “Жаңы демократия” партиясынын лидери, шайлоодон кийин эле Грекиянын мыйзамдарына ылайык өлкөнүн жетекчиси - премьер-министри болуп калган Костас Караманлис да минтип кубаттоого алды:

- Сиздер өз добушуңуздар менен саясий өзгөрүүлөрдү, биз жашай баштаган жаңы доордогу жаңы өзгөрүүлөрдү алып келдиңиздер.

Ал алгачкы эле сүйлөгөн сөзүндө Грекиянын алдындагы эң башкы милдет катары жайкы Олимпиада оюндарын татыктуу өткөрүү жана өлкөнүн экономикасын көтөрүп, коррупцияга каршы күрөшүү экендигин айтты. Бийлигин өткөрүп берип жатып Георге Папандреу жаңы премьер-министрдин мындан аркы иштерине ийгилик каалады:

- Мен Караманлис мырзанын мындан аркы иштери жалпы Грекияга пайда алып келишин каалайм. Социалисттик партия бийликте көп турганына карабай күчүнөн тайбай, чынчыл бойдон калды. Биз эми мындан да өркүндөп, кайра калыпка келиш үчүн алга жылабыз.

Жаңы бийликтин алдында 13-29-августта Афинада жайкы олимпиада оюндарын татыктуу өткөрүп алуу милдети турат. Бирок бул эларалык маанилүү иш-чарага даярдык ойдогудай эмес. Шайлоо алдындагы кызуу талкууланган талылуу маселелердин бири да жайкы Олимпиада оюндарына даярдык болгон. Анткени оюндарды өткөрүү менен Грекия өлкөдөгү жумушсуздук маселесин убактылуу болсо да чечип алууга умтулууда. Костас Караманлис шайлоо алдында эле оюндарды өткөрүүгө жоопкер адамдар менен жолугушуп, даярдыктын жүрүшүн талкуулаган болчу.

Жаңы өкмөттүн дагы бир башоорусу – Кипрдин бирдиктүү мамлекет катары Евробиримдикке киришине өбөлгө түзүү.

XS
SM
MD
LG