Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:23

Европа биримдиги эки долбоорду аткара баштады


БИШКЕК. Европа биримдиги Борбор Азия аймагында баңгизаттарга каршы күрөшүү жана чегараларды бекемдөө боюнча эки долбоорду аткарууга киришти. Бул долбоорлорду жетектөөчү борбору Бишкекте түзүлүп, анын жетекчилигине француз өкүлү Алан Сколан дайындалды. Бул тууралуу Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасынын кеңешчиси Алмаз Карабалаев бүгүн билдирди. Анын айтымында, баңгизаттардын мыйзамсыз айлануусуна бөгөт коюу максатындагы долбоорго 3 миллион евро, ал эми чегараны бекемдөө долбооруна 10 миллион евро бөлүнүүдө. Бул каражаттарга маалымат борбору түзүлөт жана тийиштүү структураларга техникалык жабдуу сатылып берилип, адистер окутулат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG