Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:50

РАУШАН САРСЕНБАЕВА: КАЗАКТЫН ЭРКЕКТЕРИ АЯЛДАРГА ЭКИ БАШКА МАМИЛЕ ЖАСАШАТ


Бурулкан Турдубек кызы, Прага шаары Пост-советтик өлкөлөрдө аялдар күнү катары белгиленип келген 8-мартты 1977-жылы Бириккен Улуттар Уюму аялдардын укугун коргоо күнү деп атаган. Мындай эл аралык тааным аялдардын жүрөгүн жылытканы менен, иш жүзүндө айрыкча Борбор Азия өлкөлөрүндө аларга мамиле салкын бойдон калууда. Советтик түзүлүш кыйрагандан кийинки кризиске кирептер болгон көп аялдар дале өз орундарын табыша элек. Бирок, аялдар арасында эркектер менен тең болууга толук укуктуу экенин өз иши аркылуу далилдегендер да аз эмес. Алардын бири - казакстандык ишкер аял Раушан Сарсенбаева.

Раушан Сарсенбаева - экономист, илимдин кандидаты. Кичинесинде тармал чачтуу, алаң көз, өтө эле жоош кыз болчу. Апасынын айтымында кийин ал мыкты студент болду. Анан эле кийинчерээк ишкер аялдардын бирикмесин түзүү идеясы менен алектенип калды. Акыркы он жыл аралыгында Раушан Сарсенбаеванын демилгеси менен түзүлгөн Казакстандын ишкер аялдарынын ассоциациясы 20 уюмду бириктирген салабаттуу бирикмеге айланды. Ага чыгаан илимпоз, ишкер, саясатчы айымдар, саламаттык сактоо, маданият тармагынын жүгүн көтөргөндөр мүчө.

Сарсенбаеванын айтымында, мындай демилге 1995-жылы жаралган. Анын жаралышына билимдүү аялдардын совет доору кулагандан кийинки оор жагдайы себеп болгон.

- Биз биринчи программаны “Аялдар жана жардылык” деп атаганбыз. Көптөгөн курдаштарыбыздын жагдайын бул программаны баштаганда дагы терең түшүндүк. Эсиңизде болсо керек, көп ишканалар банкротко учурап, менчиктештирилип, акыры билими, тажрыйбасы бар аялдардын 70 пайыз чамалашы жумушсуз калышкан. Аларды биз кайра окутуу, ички дүйнөсүн калыбына келтирүү менен алектендик, ишке орноштурдук.

Ассоциация кийинчерээк үй-бүлөнүн, аялдардын жана балдардын жакшы жашоосун, ден соолугун камсыздоого көңүл бурду. Алматынын жанындагы Талгар шаарында ачылган “Камкор” аттуу балдар үйүндө азыр 5 жаштан 17 жашка чейинки 110 кароосуз бала тарбияланат. Жергиликтүү жана чет өлкөлүк булактардан каржыланган бул балдар үйүнүн директору Туяк Эскозина билим берүү тармагынын кызматкери. Ал Сарсенбаеванын колдоосу болбосо балдар үйүнүн бутуна турары арсар эле дейт.

- Раушан абдан сүйкүмдүү адам. Ал элге жардам берүү үчүн көп иш кылат. Абдан уюштургуч. Өзүн эч качан ойлобойт. Башкалардагы кыйынчылыктарды ойлоп, аны жеңилдетүү түйшүгү менен көбүрөөк алектенет. Мен жана балдарымдын бардыгы аны жакшы көрүп, сыйлап турабыз. Азыр эми өкмөттөн бир тыйын албай калдык.

Расмий маалыматтарга караганда, Казакстанда ишкер чөйрөдөгүлөрдүн 40 пайызын, сот системасында иштегендердин 60 пайызын, маалымат каражаттарындагылардын 30 пайызын аялдар түзөт. Бирок, өкмөттүн, парламенттин структураларында аялдар өтө сейрек учурайт. Азыр өлкөдөгү 22 министрдин экөө гана аял. Парламентте болгону жетөө.

Раушан Сарсенбаева казак аялдарынын мүмкүнчүлүгү болуп туруп, коомдук-саясий турмушка аралаша албай жаткандыгына кабатырланып, аларды чет өлкөлүк кесиптештери, пикирдештери менен көп салыштырып келет. Айрыкча намыстанып, чыйралышына аялдардын анын Нью-Йоктогу глобалдуу саммитке катышышы, Хилари Клинтон, Мадлен Олбрайт өңдүү дүйнөлүк таанымга ээ аялдар менен болгон көп жолку жолугушуулар таасир этти. Аялдардын укугун коргоо максатын көздөп, саясий күрөшкө чыгууну чечти.

Саясий күрөшкө биринчи кадамды ишкер аялдар ассоциациясы агрардык партия менен бирге 1999-жылкы парламенттик шайлоого катышуу аркылуу жасаган. Бирок, бул блок анда жеңишке жетише алган эмес.

-Тилекке каршы, бул аракеттен майнап чыкпай калды. Кийинчерээк саясий максатка жетүү үчүн ассоциация Казакстан аялдарынын демократиялык партиясын түзүү аракетин көрдү. Бирок, юстиция министрлиги биз мыйзам талап кылган 54 миң добуш топтосок да, каттоодон өткөргөн жок.

Ассоциация эми ушул ноябрда өтө турган келерки парламенттик шайлоого президент Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дариганын “Асар” партиясы менен бирге катышканы турат.

“Асар” партиясында мажилистеги 77 орундун жарымына ээ болуу дымагы бар. Өлкөдө “Асардын” бул каалоосунун ишке ашаарына ишенбегендер деле аз эмес. Бирок, курамына күчтүү экономист, юрист аялдарды тарткан бул партия ийгиликке жетишерине Сарсенбаева ишенип турат. Анын пикирине караганда, Дарига Назарбаеванын аракеттерин Казакстан аялдарынын үлгүсү катары кароого болот.

Казакстандагы белгилүү ишкер атыккан Сарсенбаева бул шайлоодо парламентке илинеби-жокпу, азырынча белгисиз. Бирок, ишкер аялдар Раушандын парламентке шайланарын тилек кылып турушат. Филология илиминин доктору, профессор Нурсулуу Букетова бул өңүттө оюн минтип билдирди:

- Мен окумал, даражалуу адам болсом да, Раушандын идеяларын биринчи ирет укканда ушу жашка чейин эмнеге менин башыма ушундай акыл келген эмес, деп ойлодум. Ал ишине ушунчалык берилет. Фидель Кастро айтмакчы, Раушан бизге “Алга!” десе, биз сөзүн эки кылбайбыз. Раушан сыяктуу аялдар өкмөттө, парламентте көбүрөөк болсо биздин адамдарга жакшы болор эле.

Сарсенбаева өзү болсо экономикалык жактан көз карандысыз аялдын саясатта болушу зарыл деп эсептейт:

- Менимче, экономикалык жактан көз карандысыз аял саясатка аралашууга дайым даяр. Анткени, аялдын проблемасын аял гана көтөрүп, чечүүгө аракеттенет. Аялдын өзүнөн башка эч ким анын милдетин албайт. Ошондуктан, аял саясатка кириши керек. Азыр ошондой тарыхый мүмкүнчүлүк болуп турат. Казак аялдарынин билими абдан жогору. Албетте, мамлекет аялдарга колдоо көрсөтүп жатат. Бирок, тикелей басмырлоо жок болгону менен, кыйыр басмырлоо бар экенин жокко чыгара албайм.

Раушан Сарсенбаеванын айтымында Казакстанда эркектердин улуу муунунда аялдарга эки ача мамиле дагы эле сакталып турат. Маселен, алар Казакстандын ишкер чөйрөсүндө аялдардын кубатын сезип турушат, бирок, ошол эле учурда өздөрүнүн аялдарынын үйдө отурушуна баарынан көп кызыкдар. Бул жагынан жаштардын, анын ичинде өз уулунун көз карашы Сарсенбаевага көбүрөөк жакын. Азыркы жаштар аял менен эркектин коомдогу орду бирдей болушун каалашат.

Раушан “аялга, энеге энчиленип келген буга чейинки жазылбаган мыйзамдарды бузду” дейт Сарсенбаеванын энеси Батия Муса кызы:

- Раушан ассоциация түзөөрдө мага бата сурап келиптир. Казактын аялдарын көтөрөм деп каржалып калбагын, буга эрдик керек, бирок, казак аялдары бир көтөрүлсө токтобойт дедим. Батамды бердим.
XS
SM
MD
LG