Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:55

КӨП ТИЛДҮҮЛҮК: БААРЫ «МАКУЛ», «КАРШЫ, КАЛЫС» - ЖОК


Мамлекеттик тил мыйзамынын кабылданышы Кыргызстандагы коомдук пикирдин жанданышына, биртоп лингвистикалык проблемалардын коюлушуна алып келди. Орус тили конгрессинде Кыргызстан кош тилдүү республика экени байма-бай айтылды. Анткен менен жаңы заман талабы Кыргызстан сындуу өлкөлөр үчүн кош тилдүүлүккө караганда көп тилдүүлүк саясаты өзгөчө маанилүү экенин көрсөтүүдө.

Мамлекеттик тил мыйзамы парламентте кабыл алынгандан бери бир айга чукул убакыт колдон суурулду. Арада орус тилинин Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдөгү ролун жогорулатуу максатын көздөгөн эларалык конгресс Бишкекте өттү. Чоң жыйында чыгып сүйлөгөндөрдүн дээрлик баары кош тилдүүлүк саясатын колдой тургандыктарын билдиришти. Орус тилчи адистеринин жыйынында кыргыз өкмөтүнүн жактыруусуна ээ болгон дагы бир жаңы идея байма-бай айтылды.

Орус тилинин коомдук турмушта байма-бай колдонулушу кыргыз тилин басынтпоосу керектиги, дегеле тил маселесине келгенде мамлекет көп түрдүүлүктү жактоосу туура болору баса белгиленди. Орус-кыргыз тилдеринин эриш-аркак мамилесин көркөм сөздүн айтылуу чебери Чыңгыз Айтматов кош канатка салыштырды. Президент А.Акаев мамлекеттик жана ырасмий тилдер дайыма эриш-аркак өнүгө бере тургандыгын, кош тилди билүү турмуштук зарылчылыкка айланганын дагы бир жолу ырастады.

- Мамлекеттик кыргыз тили менен улут аралык катнаштын тили - орус тили бири-экинчисине жардамдашып, түбөлүк айныксыз дос катары эриш-аркак жашай беришмекчи. Бул бир адамдын эки колу, чыгармачылыктын кош канаты сындуу нерселер. Аны Чыңгыз Айтматов абыдан ынанымдуу айтты.

Орус тилинин кыргыз коомундагы орду менен ролун көкөлөткөн алдагыдай мактоо мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынгандан бери арбын айтыла баштады. Айрым адистердин пикиринде, мунун себеби мамлекеттик тилдин баркын көтөрүү аракети орус тилдүү калк арасында кандай кабылданат, Орусия менен мамилеге анын салакасы тийбейби деген чочулоодон улам чыгууда. Ошондон жаңы турмуштук зарылдык катары көп тил билүү, колдон келсе алардын санын бешке чыгаруу, мультилингвизм кийинки кездери көп айтылчу болду. Түпкүлүгүндө абыдан керектүү, улут турмушун жаңы бийиктикке көтөрчү бу изги тилектин жөн-жайын Кыргыз улуттук университетинин проректору, филология илим доктору, профессор Вячеслав Шаповалов момундайча түшүндүрөт:

- Баары бир биз көп тилдүүлүк шартында жашоодобуз, мультилингвистикага баратабыз. Көп тилдүүлүккө басым койгон өлкөлөрдүн өркөнү өсүп чоң ийгиликтерге жетишти. Биздин университетте 5 тилдин концепциясы иштелип чыккан. Биздин оюбузча, азыркы адис кайсы бир деңгээлде 5 тилди билиши керек. Бул анчалык деле кыйын эмес. Биринчиси, мамлекеттик тил, экинчиси мамлекеттер аралык катнаш тили. Үчүнчүсү, дүйнөлүк Батыш тилдеринин бирөөн: англис, немис, француз тили. Төртүнчүсү, дүйнөлүк Чыгыш тилдеринин бирөөн: кытай, жапан, араб тилин билүү зарыл. Бешинчиси - компьютер «тилин» адис адам сөзсүз билсин.

Кыргызстан эгемендикке жетишкенден бери чет тилдерин үйрөнүү, асыресе дүйнөлүк батыш тилдерин өздөштүрүү аракети күч алды. Англис, алман, француз, араб, кытай, жапан тилдерин үйрөнүүгө киришкен жаштардын катары арбыды. Глобалдашып бараткан коомдук турмушта алдагыдай аракеттин пайдадан башка зыяны жок. Көпчүлүктү кабатырланткан нерсе - жапырт киришип, жабыла үйрөнүү аракети кыргыз тилин кыйгап өтүп жатканы.
XS
SM
MD
LG