Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:37

Грекияны 19 жыл башкарган социалисттер парламенттик шайлоодо жеңилди


Грекияда кечээ күнү болгон парламенттик шайлоодо консервативдүү Жаңы демократия партиясы парламенттеги 300 орундун көпчүлүгүнө ээ болуп, башкаруучу Социалисттик кыймылды жеңди. Социалисттер өкмөттү акыркы 19 жыл бою башкарып келген. Жаңы шайланган премьер-министр Костас Караманилис шайлоочуларга 13-29-августа Грекияда болчу жайкы олимпиадалык оюндарды жакшы деңгээлде жана тынч өткөрүп алуу анын өкмөтүнүн негизги максаты экенин билдирди:

- Бүгүн сиздер өз добушуңуздар менен саясатты өзүңүздөр каалагандай өзгөртүүгө, жаңы доордо жаңы саясат жүргүзүүгө чакырдыңыздар.

Грекиянын жаңы өкмөтү алдында Кипр май айында Евробиримдикке кошулганга дейре аралдын грек жана түрк жамааттарын бириктирүү боюнча жүрүп жаткан сүйлөшүүгө олуттуу салым кошуу милдети турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG