Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:08

УКУК КОРГООЧУЛАР АКШ АРМИЯСЫН АЙЫПТАШТЫ


Адам укуктарын коргоочу "Хьюман Райтс Вотч" уюму өзүнүн жаңы докладында АКШ армиясынын Ооганстандагы аракеттерин сынга алды. Аталган уюмдун пикиринде, америкалык аскерлер тарабынан адамдарды камакка алганда жана аларды абак жайларда кармоодо олуттуу укук бузуулар орун алып жатат. Ал эми америкалык аскерий өкүлдөр укук коргоочулар Ооганстандагы жагдайды жакшы билбесин айтып, жогордагыдай дооматтарды четке кагууда.

Ооганстанда былтыр жана быйыл жыл башында жүргүзүлгөн бул иликтөөсүндө "Хьюман Райтс Вотч" уюму негизги көңүлдү адамдардын камалышы менен байланышкан окуяларга бурган. Уюмдун Азия бөлүмүнүн аткаруучу директору Брад Адамс мындай дейт:

- Ооганстанда согушка тиешеси жок туруп эле кармалган адамдар: таксисттер, дыйкандар, айыл тургундары бир топ. Бул мыйзамды гана бузгандык эмес, ишенбөөчүлүк менен кыжырданууну да жаратып жатат.

Отчетто айтылгандай, камактан чыккан адамдардын бир нечеси америкалык аскерлер аларды уруп –сабаганын, түн уйкусун бузганын, үстүлөрүнө муздак суу чачып, тоңуп калгыдай жайда кармаганын билдиришкен. Ошондой эле анда адамдарды жаңылыш маалыматтардын негизинде камакка алуу, камактагылардын узак убакыт сырткы дүйнө менен байланышсыз калышы көп кайталанаары белгиленет.

Ал эми Ооганстандагы америкалык аскерлердин өкүлү, полковник Брайн Хилферти "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна берген маегинде "Хьюман Райтс Вотчтун" тыянагы чындыкка дал келбесин билдирди. Анын айтымында, укук коргоочулар Ооганстандагы чыныгы жагдайды жакшы билбесин көргөзүүдө:

- Алар балким, согуш мыйзамдарын, Ооганстанда коалициялык күчтөр туш болуп жаткан азыркы жагдайды толук түшүнүшпөйт. Ооганстан аскерий аймак жана аскерлер бул жерде душманчыл күчтөргө каршы урушка кириптер болууда. Биз согуш үчүн ылайыктуу эрежелерди колдонуп, согуш мыйзамдарын туура аткаруудабыз.

"Хьюман Райтс Вотчтун" докладында көргөзүлгөндөй, президент Жорж Буш баш болгон америкалык ырасмий өкүлдөр АКШнын абактарында катаал мамиле жана кыйноо колдонулбайт деп ырастаганы менен андай жайларга Кызыл Чырым комитетинен башка көз карандысыз байкоочулар киргизилбейт. Кызыл Чырым уюму болсо өз кезегинде АКШ өкмөтү менен жетишилген макулдашууларга ылайык абак жайлардагылардын шарты тууралуу эч кандай комментарий жасабайт.

Отчетте келтирген маалыматтарга караганда маселен, Ооганстанда америкалык аскерлерге караштуу түрмөлөрдөн 2002-жылы эки адам, 2003- жылы бир адам каза тапкан.

"Хьюман Райтс Вотч" АКШ армиясын абактагы укук бузуулар боюнча иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгын жарылоого чакырды. Ага катар Ооганстандын өкмөтү менен бирдикте атайын трибуналдарды уюштурууну сунуш кылган. "Хьюман Райтс Вотчтун" пикиринде, укуктук системанын түзүлүшү менен гана камакка алынган оогандыктар: аскерий аракеттерге катышкандар, катышпагандардын да иши эл аралык мыйзамдарга ылайык иликтенээрин кепилдөөгө болот. Буга ириде АКШ өзү кызыкдар экенин көргөзүшү керек.

Жогорудагыларга кошумчалай кетчи маалымат, АКШнын мамлекеттик департаменти жакында адам укуктарынын дүйнө өлкөлөрүндөгү абалы боюнча өзүнүн жылдык отчетун жарыялаган эле. Анда Ооганстанда адам укуктары жаатындагы кырдаал акырындап оңолуп бара жатканы айтылган. Бирок бир катар укук коргоочулар мамлекеттик департаменттин докладын чалагайым документ маанисинде кабыл алышкан болчу.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG