Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:27

Түркиянын Европа Биримдиги менен сүйлөшүүсү жыл этегинде башталышы мүмкүн


Евробиримдиктин жетекчилери "Түркия адам укуктары жана демократиялаштыруу боюнча шарттарды аткарса, өлкөнүн Европа Биримдигине кириши тууралуу сүйлөшүү декабрда башталат" деп ишендиришти.

Ирландиянын тышкы иштер министри Браян Коуен кечээ Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл менен Анкарада жолуккандан кийин билдирүү жасады. Ал "сүйлөшүүнүн башталышы реформаларды ишке ашыруунун ыкчамдыгына жараша болот" деди. Коуэн Анкарада Евробиримдиктин тышкы саясатын тейлеген Хавиер Солана, Биримдикти кеңейтүү комиссары Гүнтер Ферхойген жана Голландиянын тышкы иштер министри Бен Бот менен болду.

Таңкы жаңылыктарды даярдаган – Жаңыл Жусубжан, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG