Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Чечен аскер башчысы багынып берди


Орусиянын маалымат каражаттарынын кабарлашынча, Аслан Масхадовдун өкмөтүндө улуттук гвардияны жана коргонуу министрлигин жетектеген Магомет Камбиев Чеченстандын маскөөчүл өкмөтүнө келип, куралын тапшырды. Орусиянын Чеченстандагы согуштук операцияларынын маалымат катчысы Илья Шабалкиндин билдиришинче, Камбиев менен кошо анын 20дан ашык шериги да багынып берди.

Кечээ баш калаа Грозныйдагы кагылышууда эки сеператист окко учуп, орус армиясынын үч офицери жарадар болду. Мунун алдында үч орус аскери ажал таап, бир нечеси жараат алган эле.

XS
SM
MD
LG