Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:36

8-март теңдик, акыйкаттык жана жакырчылыкты жоюу талаптары менен белгиленди


Эларалык мунапыс уюму аялдарга каршы зордук-зомбулукту токтотуу өнөктүгүн баштады. Уюмдун баш катчысы Ирена Хан жаңы өнөктүккө мындайча түшүндүрмө берди:

- Aялдарга каршы зордук-зомбулук турмуш шартына жана коомдук түзүлүшкө, диний ишенимине жана билим деңгээлине карабастан, бардык жерде болуп жатканы айрыкча кыжаалат кылат, - деди уюмдун жетекчиси.

Кабулда Бириккен улуттар уюмунун өкүлү Жан Эрне эркектер үстөмдүк кылган Ооганстанда аялдар бүгүн да зордукчулукка жана түшүнбөөчүлүккө кириптер экендигин билдирди. Багдадда аялдардын саясаттан четте калышын айыптаган 500 чакты аял демонстрация өткөрдү.

Тегеранда эларалык аялдар күнүн белгилөөгө чогулган аялдардын чакан тобун консерватор көзөмөлдөөчүлөр кууп таркатканын күбөлөр айтышты. Ирандык укук коргоочу, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын ээси Ширин Эбади Тегерандын исламчыл өкмөтү аялдардын укуктарын сыйлабасын, аны менен демократиялык асыл-нарктарды сыйлабай жатканын сынга алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG