Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:21

Жорж Буш Ирактын убактылуу конституциясына кол коюлушуна жогору баа берди


АКШнын президенти муну "өлкөнүн эгемендүүлүгүн 30-июнда ирак элинин колуна тапшыруу багытындагы маанилүү кадам" деп баалады. Орусия, Иран жана Саударабия да бул окуяны жылуу кабыл алышты.

АКШ орноткон Башкаруу кеңешинин президенти Мохаммед Бахр ал-Улоум кол коюну "Ирактын тарыхындагы чечүүчү маанидеги окуя" деп баалады. Ал эми кеңештин маалымат катчысы Хамид ал-Кифаи буларга токтолду:

- Бул – бир да ирактыкты кур кол калтырбаган тарыхтагы биринчи конституция. Анда аялдарга тең мамиле жасалат, бардык ирактыктарга, азчылыктарга укуктар ыйгарылат, шайлоо жыл аягында же келерки жылдын башында өтөөрү айтылат. Бул – Ирактын тарыхындагы эң прогрессивдүү конституция.

Бирок коңшулаш Түркия өткөөл конституция Иракта бейстабилдүүлүктү күчөтөөрүн эскертти. Ал эми ирактык шийилердин эң таасирдүү динаятчысы Аятолла Али ал-Систаны өткөөл документти туруктуу конституцияга кесепетин тийгизе турган "тоскоолдук" деп мүнөздөдү. Систани ошондой эле Иракта мындан аркы мыйзамдардын шайланма орган тарабынан гана кабыл алышын талап кылды.

XS
SM
MD
LG