Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:26

КЫТАЙДЫН БЕЛЕГИ, КЫРГЫЗ БИЙЛИГИНИН КЕНЕБЕСТИГИ, ЖАҢЫ СӨЗ ТУЮНТМАЛАРЫ


Кийинки кездерде Кытай бийлигинин Кыргызстанга ыкласы түшүп, аянбай жардам берүүдө. Анткен менен Кытайдын Шиңжан-Уйгур автоном районундагы саясаты чочулоо жаратпай койбойт. Кыргыз тилинин азыркы абалы, эртеңкиси биртоп бүдөмүк суроолорду пайда кылары бышык. Мамлекеттик тил мыйзамына кол коюлуп ишке кирсе эле орус тилдүү калк жабылып көчүп кетээри айрым басылмаларда байма-бай жазылууда. Эне тилинин туюнтуу мүмкүнчүлүгү тереңдигине ынанган “Арыш” коомдук бирикмеси 255 сөздүн кыргызча туюнтмасын сунуш кылган.

Орус элинде “бекер сыр капканга гана коюлат” деген таамай сөз бар. Ырасмий Бээжин Кыргызстанга оголе көп жардам берүүдө. “Мындай марттыктын, берешендиктин аркасында эмнелер жаткандыгын бир Кудай, анан Кытай бийликтери гана билбесе эч ким билбейт”,- деп жазат шейшембидеги “Аалам” гезитинде Сабира Кемелова. Соңку жылдары Кытай өлкөнүн ички аймактарында жашаган калкын Шиңжаң-Уйгур автоном районуна арбын көчүрүп алып келүүдө.

Ушу тапта ал жердеги калктын саны 19 миллионго жетти. Бирок бул жердеги олуттуу көйгөй суунун жетишсиздиги, кургакчылыктын күчөп баратышы. “Кытай бийлиги жапырт көчүп келип жаткандар Синьцзянда убактылуу гана кармалып, анан акырындык менен суусу көп Кыргызстанга жана Казакстанга жылып кетет деп ишенип жатышат”,- дейт макала автору.

Сабира Кемелованын пикиринде, “Кытай мамлекетинин Синьцзяндагы башка улуттарды жок кылуу саясаты Кыргызстандын элитасын тынчсыздандырышы керек эле. Тескерисинче биздин бийлик “бекер белектерге” сүйүнүп кудуңдап турушат. Эртең эмне болор экен?”

“Аалам” гезити кыйладан бери козгоп келаткан кыргыз тил көйгөйү тууралуу пикирлер топтомуна да орун берилген. Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин айтуусунда: “Кыргыз тили эзүүгө түшүп, кадыры кетти. Биздин тилибиздин жоголуп бараткан тилдердин катарына кошулуп калышы уят иш. Бул үчүн кыргыздар өзүбүз күнөөлүүбүз.”

Журналист Кенжаалы Сарымсаков “Арыш” коом бирикмеси өткөн жылы “Өз жардам” китебин чыгарып, анда 255 сөздүн кыргызча туюнтмасын сунуш кылышканын маалымдайт. Мисалы, участок – бөлүнчөк, оппозиция – жаат, мочалка – жышуур, пешеходный переход – жөөтмөк, тренинг – көнүгүм, сдача – кайрым, компот – какшире, теплица – күнөскана, статус – макам, шампунь – суусамын, резюме – тасмыйа, фонтан – оргума, гараж – унаажай, семинар – үйрөнүм.

“Агым” гезитинин шейшемби күнкү санында таланттуу актриса Гүлсара Ажыбекованын “Байлыгың ташыса хансарай эмес “Тажмахал” сал” деген аталышта маеги жарыяланды. “Мен оппозициядагылардын баары эле жаман деп ойлобойм,- дейт Г.Ажыбекова.- Алар да биздин элдин эр-азаматтары, чыгаан уул-кыздары. Бирок тилекке каршы, оппозициянын арасында да грант алыш үчүн гана чуркап жүргөндөр, бийлик үчүн гана бузукулук жасагысы келгендер бар. Бийликте деле өз чөнтөгү үчүн жулунгандар болот”. Г.Ажыбекованын пикиринде, “эл үчүн деген киши эч убакта эне тилин чанбайт. Эне тилибиздин алдында күнөөлүүбүз. Биз эне тилибизди, энебизди журтка таштап койдук. Маңкурт Найман энесин унуткандай унуттук”.

Тил маселесине шейшембидеги “Вечерний Бишкек” гезити да кайрылды. "Мамлекеттик тил мыйзамы кабылдангандан бери Кыргызстандан сыртка көчүп кеткендердин саны көбөйгөн жок", деп белгилейт Света Локтева. Автордун пикиринде, мамлекеттик кызматчылардын кыргыз тилин билүүсү Кыргызстандагы орус калкын анчалык деле чочулатпайт. Кийинки калк каттоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, республикада калган орустардын саны 12,5% гана түзөт. Ушунча эле сандагы кыргызстандыктар ушу тапта Орусияда иштеп жүрүшөт. Улуттук статистика комитетинин маалымдашынча, Кыргызстандан сыртка көчүп кетүүгө 46 миң киши куштар. Экономикалык абал жакшырбаса алардын кыйласы жер которуп кетиши мүмкүн.
XS
SM
MD
LG