Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:26

ОРУСИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДА ЖАШАГАН АТУУЛДАРЫ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО ДАЯРБЫ?


9-мартта Орусиянын Бишкектеги элчилиги Кыргызстанда жашаган мекендештери менен жолугушуу өткөрдү. Анда 14-мартта Орусияда боло турган президенттик шайлоодо добуш берүү тартиби тууралуу маалымат берилип, кызыктырган суроолорго түшүндүрмөлөр берилди.

Жолугушууга Орусиянын Кыргызстанда жашаган атуулдары гана эмес ар түрдүү улуттардын 400гө жакын өкүлү келишти. Анда негизги маселе - Орусияда 14-мартта боло турган президенттик шайлоодо добуш берүү тартиби жөнүндө маалымат берүү болду.

Орусиянын Кыргызстандагы башкы консулу жана шайлоо участкасынын төрагасы Николай Галюктун айтымында, азыр Кыргызстанда бул өлкөнүн 20 миңден ашуун атуулу жашайт. Алардын добуш бериши үчүн Кыргызстан боюнча үч жерде - Ошто, Караколдо жана Бишкекте атайын жайлар уюштурулган. 6-мартта мөөнөтүнөн мурда добуш берүү Чүй жана Ош облустарынын орус атуулдары жыш жашаган бир канча айыл, шаарларында өткөрүлгөн. Мөөнөтүнөн мурда экинчи жолку добуш берүү эми 13-мартта Каракол, Кант жана Токмок шаарларында өткөрүлөт. Калган шайлоочулар добушун 14-мартта эртең мененки саат сегизден кечки 8ге чейин бере алышат.

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Евгений Шмагиндин айтымында, мындан төрт жыл мурун болгон президенттик шайлоодо Орусиянын Кыргызстанда жашаган атуулдарынын 1 миң 170и, ал эми өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо 2 миңге жакын атуулу гана добуш берген. Ушундан улам азыр добуш берүүнүн деңгээлин көтөрүү башкы милдет болуп турат. Ал тууралуу элчи Евгений Шмагин:

- Биз азыр добуш берүүнүн деңгээлин төрт жыл мурдагыга салыштырмалуу 2-3 эсеге көтөрүү максатын коюп жатабыз,-деп билдирип бул жолугушуунун негизги максаты шайлоочулардын активдүүлүгүн арттыруу экендигин баса белгиледи.

Ал эми Орусиянын башкы консулу Николай Галюк президенттикке тигил же бул талапкерге добуш бергиле деп үгүттөө максатын көздөбөй тургандыгын айтты:

- Бул - маалымат гана берүүчү жолугушуу. Биз кайсы бир талапкердин пайдасы үчүн үгүттөө ишин жүргүзбөйбүз.

Ал эми жолугушууга келгендердин көбүн добуш берүү тартиби эмес, Орусияга көчүп кетүү, атуулдук алуу жана пенсия менен камсыз болуу маселелери кызыктырды. Бул боюнча үстөккө-босток берилген суроолорго жеткиликтүү жооп ала албаган катышуучулар Орусиянын бийлиги чет жерде жашаган мекендештеринин абалына кызыкпай, шайлоо алдында гана чогулта калат деп нааразы болушту. Алардын бири:

- Эмне үчүн бизди мынчалык жек көрөт? Эмне үчүн биз көчүп бара албагыдай шарттарды коет?,- деп чет жерден көчүп баргандарга коюлган талаптардын катаалдыгына нааразы болду.

Мындай пикирлерге жооп кайтарган элчи Евгений Шмагин өзү Кыргызстанда элчи болуп иштеген бир жарым жылдын ичинде элчиликти ар бир мекендешинин көйгөйүн угуучу жайга айландырууга аракет кылганын билдирди. Анын айтымында, жолугушуу - шайлоо алдындагы гана саясий оюн деген баа туура эмес:

- Эгер силер ушундай деп түшүнө турган болсоңор, анда мекендештер менен мындай жолугушууларды уюштурууну токтотолу.

Жолугушууда Орусиянын атуулдугун алуу боюнча берген өтүнүчтөрүнө жооп ала албаган бир топ атуулдар нааразылыгын билдиришти. Орусиянын консулунун айтымында, азыр 2001-2002-жылдарда чогулган өтүнүчтөрдүн баары өлкө президентине жөнөтүлгөндүг жана ага качан жооп берилээри белгисиз.
XS
SM
MD
LG