Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:04

Тышкы иштер министрлигинин жыйыны өттү


БИШКЕК. Бүгүн өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын кеңейтилген жыйыны өттү. Ага премьер-министр Николай Танаев катышты. Жыйында министрликтин 2003-жылдагы ишмердүүлүгү жыйынтыкталып, өлкөнүн батыш жана чыгыш багытында жүргүзгөн саясаты, КМШ, Бириккен улуттар уюму өңдүү эларалык уюмдар менен кызматташуу маселеси каралды. Батыш багытта антитеррордук коалициянын алкагында АКШ, Германия, Улуу Британия жана Франция менен кызматташуу бул өлкөлөрдүн Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнө айланышын шарттагандыгын белгиленди. Чыгыш багытта Кытай, Жапония, Иран, Индия, Пакистан, Түштүк Корея жана Малайзия менен кызматташууну өнүктүрүүгө артыкчылык берилгени. Ал эми КМШ аймагында Орусия Федерациясы менен стратегиялык өнөктөштүк бекемделгени айтылды. Өкмөт башчы Николай Танаев өз сөзүндө министрлик соода-экономикалык байланыштарды, маалыматтык-аналитикалык иштерди чыңдоого басым жасаш керек деген пикирин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG