Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:51

Дыйкан чарбанын мүчөсү сотко каршы нааразылык акциясын баштады


НАРЫН. Кочкор районунун «Бейшенаалы» дыйкан чарбасынын мүчөсү Калийса Бейшеналиева өлкөдөгү сотторго каршы нааразылык акциясын бүгүн баштады. Бул жөнүндө ал өзү 9-мартта "Азаттыкка" кабарлады. Калийса Бейшеналиева атасынын үлүшүнө тийген кашар соттордун адилетсиздигинен 1998-жылдан бери мыйзамдуу ээсине тийбей келет дейт. Ошондуктан ал "Кыргызстандын сотторуна нааразылык билдирем!" деген плакатын көтөрүп, Ак үйдүн алдына өзүн өзү өрттөө үчүн ачкачылык жарыялап бүгүн Кочкордон Бишкекке жөө жөнөдү. Буга чейин ал соттордун адилетсиздигине нааразылыгын билдирген катын президентке, Жогорку Кеңештин эки палатасынын депутаттарына, Жогорку сотко жолдогон болчу. Жабырлануучунун Кочкордон Бишкекке чейинки жөө жүрүшүн укук коргоочу Качкын Булатов коштоп барат. Ушул эле күнү «Азаттыкка» укук коргоочу К.Булатов аба ырайынын катаалдыгына карабай 47 чакырым жөө жүрүшкөндүгүн малымдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG