Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Мыйзам чыгаруу жыйынында эларалык 4 макулдашуу ратификацияланды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда түзүлгөн атуулдук коргонуу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жойуу тармактарындагы макулдашуу, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чегара райондорундагы ишеним жөнүндөгү, эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чегараны коргоо боюнча кызматташуу жөнүндөгү жана евразия экономикалык кызматташтык уюмунун алкагында камсыздоо тармагындагы кызматташтык жөнүндөгү макулдашуулар ратификацияланды. Мыйзамчы депутаттар ошондой эле президент Аскар Акаевдин «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10 жылдыгына жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү» мыйзамына карата айткан каршы пикирине макул болушту. Аталган мыйзам депутат Азимбек Бекназаров тарабынан сунушталган. Депутат маалымдагандай, президенттин каршы пикири мыйзамга олуттуу өзгөртүүлөрдү алып келбейт. Мунапыс жөнүндөгү мыйзам долбоору парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынында 2003-жылдын май айында кабыл алынган жана ал Кыргызстандын жаза өтөө жайларындагы 5 миңдей адам эркиндикке чыгышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG