Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:41

ДЕПУТАТТАР КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧЕГАРАСЫ ТУУРАЛУУ КЕЛИШИМДИ КАРАЙ БАШТАДЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек 9-мартта Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук маселелери боюнча комитети кыргыз-казак мамлекеттик чегарасы тууралуу келишимди ратификациялоо тууралуу маселени карады. Келишимдин мамлекеттик тилдеги долбоору берилбегендиктен депутаттар бул маселени дагы бир жолу комитетте кароо чечимине келишти

Кыргыз-казак чегарасы тууралуу маалыматтарды депутаттарга тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана өкмөттүн аймактык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов беришти. Келишимдин мамлекеттик тилдеги долбоорунун жоктугу депутаттардын нааразылыгын жаратты. Буга байланыштуу депутаттар Азимбек Бекназаров, Алымбай Султанов келишимди кароону башка күнгө жылдырууну сунушташты. Талаш–тартыштан соң депутаттар бул күнкү талкууну «алдын ала талкуу» деп аташып, келишимдин мамлекеттик тилдеги долбооору келгенде маселени комитетте дагы бир жолу кароо тууралуу чечим кабыл алышты.

Тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун айтымына караганда, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чегаранын узундугу 1240 чакырымды түзөт. Ал эми кыргыз-казак чегарасы боюнча келишимге эки өлкөнүн мамлекет башчылары 2001-жылдын 15-декабрында Астана шаарында кол койушкан. Өкмөттүн аймактык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламановдун айтымында, 1930-жылдарга чейин кыргыз-казак чегарасы боюнча кагаз түрүндө эки тарапты тең канааттандырган документ болгон эмес.

“Ошондуктан, эки өлкөнүн эксперттери чегара боюнча сүйлөшүүлөрдү Орусия федерациясынын аткаруу комитетинин 1930-жылдагы Кыргыз жана Казак автономдуу республикаларынын ортосундагы чегаралар тууралуу токтомуна ылайык жүргүздүк. Натыйжада эки тарапты тең канааттандырган бирдиктүү бир жыйынтыкка келдик. Кыргыз-казак чегарасы туура чечилди» деген пикирин билдирди Саламат Аламанов:

- Туура чечилди. Себеби биз казактардан биздин кызыкчылыгыбызга жооп берген жер алдык. Ошондой эле казактардын кызыкчылыгына жооп берген алардын мурагы жери берилди.

Аламановдун жогорудагыдай пикирине депутаттар маакул болгон жок. Алар кыргыз-казак чегарасы боюнча Чүй, Талас, Токмок шаарында талаш-тартыштуу жерлер Кыргызстандын эмес коңшу өлкөлөрдүн кызыкчылыгына чечилгендигин айтышты. Депутат Алымбай Султановдун айтымында, Токмок шаарындагы чегара Чоң Чүй дарыясынын нугу менен бөлүнгөн. Ал эми казактар дарыянын нугун жасалма жол менен буруп, эки жерге көпүрө салып, Кыргызстанга тиешелүү 200 метрдей жолду өздөрүнө өткөрүп алышкан деген пикирде:

- Алар суунун нугун буруп, көпүрө салып алышкан. Анысы аз келгенсип, ал жерге күйүүчү май сатуучу станция куруп алышып, ары-бери каттаган кыргыздарды текшерүүгө алышууда.

Ошондой эле, Алымбай Султанов Талас облусундагы шагыл чыгаруучу жерди казактарга берип, анын ордуна Чүй облусунан жер алуу да адилетсиздик деп эсептейт. Депутаттардын жогорудагыдай пикирине аткаруу бийлиги макул эмес. Маселен Токмоктогу 200 метрдей жол боюнча Саламат Аламановдун пикири төмөндөгүчө:

- Чүй дарыясынын нугу башынан эле өзгөрүп турган. Башынан бери карай турган болсок ондогон ошондой жерлерди көрөбүз. Эгерде, биз сүйлөшүүдө ушундай маселелерди аралаштыра турган болсок, анда Чүй дарыясындагы чегара эч убакта чечилбей турган маселеге айланмак.
XS
SM
MD
LG