Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

КУРМАНБЕК ОСМОНОВ: «СОТТОРГО ЭЛ ИШЕНБЕЙ КАЛГАН...»


Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов сот тармагындагы реформанын жүргүзүлүшү жана соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча пикирлерин "Азаттыкка" куруп берген маегинде билдирди.

- Курманбек мырза, сотторго элдин ишениминин кете баштаганына кандай карайсыз? Анын себеби эмнеде деп ойлойсуз? Сотторго ишенимди кантип кайтарса болот?

- Сотторго элдин ишеними кете баштабай эле, элдин ишеними кеткен. Чынын айтканда көпчүлүк соттор элдин ишениминен чыккан. Бул жаңы жетекчи катары мени ойлондурбай койбойт. Биринчиден, кадр тандоо маселесин жакшы жолго коюш керек. Экинчиден, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун иштерине көзөмөлдүк функцияларды күчөтүү керек. Жергиликтүү соттор караган иштерди Жогорку сотто кайра карап, мыйзамдуулукту ордуна келтирип туруш керек. Анан соттордун уюштуруу иштеринде көптөгөн кемчилдиктер бар. Муну сот департаменти менен чогуу жакшы жолго коюшубуз керек. Элдин ишенимин кайтаруунун факторлору абдан көп. Эң негизгиси бул адам фактору жана тартип маселеси. Элдин ишенимин жүз пайыз кайтара албасак да, элдин ишениминен такыр чыгып калбаганга аракеттенишибиз абзел.

- Жакында Конституциялык сот Жогорку соттун жергиликтүү сотторго көзөмөл жүргүзүү ыйгарым укуктарын жокко чыгарган чечимин чыгарды. Кылмыш-жаза кодексинин 85-беренесинде жергиликтүү сотторду көзөмөлдөө, каралган ишти күчүндө калтыруу же бузуу, жаңы чечим кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарын жокко чыгаруу боюнча Конституциялык соттун мындай чечими эмнеге байланыштуу чыгарылды дейсиз?

- Ушундай факты жакында болгон. Бирок Конституциялык сотту бул тууралуу сындагым келбейт. Анткени мыйзамдуулук жагынан алып караганда жүйөлүү себептер бардай сезилет. Ошентсе да Конституциянын 383-беренесинде мурда каралган соттук иштер боюнча соттук чечимдерди бузуп же болбосо өзгөртүп, же болбосо аткарылышын токтотуп коюу укугу сотторго гана берилген - мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте. Мен биринчи келген күндөн баштап эле Конституциялык соттун ушул чечимине байланыштуу Мыйзам чыгаруу жыйынына кат менен кайрылдым. Кылмыш-жаза кодексин жаңы редакцияда кайра кабыл алып беришин мен депутаттардан өтүнүп, сурандым. Жыйынтыгы болот го деген ишенимде турабыз. Жогорку сот көзөмөл орган болсо, жергиликтүү соттордун өкүмдөрүн, чечимдерин бузалбасак, жокко чыгаралбасак, кайра кароого биринчи караган сотко жөнөтө албасак, же аппеляциялык сотко жөнөтө албасак кандай болот?! Бул жерде юридикалык принципти эске алышыбыз керек.

- Сот департаменти учурда кайсы органга баш ийет. Эл өкүлдөр палатасы сот департаменти Жогорку сотко карасын деген сунуш киргизишти эле. Көз-карашыңызды билсек?

- Сот департаменти учурда Адилет министрлигине баш ийет. Юстиция министрлиги эми кыргыз тилинде Адилет министрлиги болуп аталып калды. Адилет министрлигинин структурасы болуп эсептелет. Сот департаментине сот аткаруучулар баш ийет. Сот аткаруучулар соттун - күчүнө кирген чечимдерин аткарышы керек. Ошондуктан соттун чечимдерин аткарган орган катары, аткаруу бийлигинин системасында болгону жакшы эле. Бул жагынан алып караганда республикалык, техникалык каржылоо маселесин да аткарат, бизге республикалык казынадан атайын акча каралат. Бардык соттордун материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин карап жаткандан кийин, ушул функцияларынан алып караганда сот департаментин Жогорку сотко баш ийдирип койсо жакшы болмок. Реформа ушундай проблемаларды жөнгө салат деген ойдомун.

- Курманбек мырза, Ленин райондук сотунда террорчу деп шектелгендер боюнча сот жүрүп жатат. Аларга Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан Манас аба майданында жайгашкан «Ганси» авиабазасын жардырууга даярданган, аракеттенген деген айып коюлган. Ал эми айыпталуучулардын сот тергөөсүндө берген көрсөтмөсүнө караганда бул кылмыш, кандайдыр бир максатта уюштурулган кылмыш иш. Жасалма кылмыш иштерин уюштурган фактылар боюнча маалыматыңыз барбы?

- Мен тартип коргоо органдарында көп жылдардан бери иштеп келатам. Атайлап кимдир бирөөнүн үстүнөн кылмыш ишин козгоп, соттотуу, камоо максатында уюштурулган иштер көп кездешет деп айтуудан алысмын. Кандай айыптар коюлбасын тергөө органдары тарабынан, топтолгон далилдер, соттолуучулардын, жактоочулардын пикири сөзсүз эске алынат. Террорчу деп шектелип кармалгандар боюнча кабарым бар. Ал ишти мындайча чечесиңер деп буйрук, же көргөзмө бергенибиз бул туура эмес. Эгер жалган жеринен айыпталып жатса сот адилеттүүлүгү мына ушунда: аппеляциялык инстанцияда оңдолушу мүмкүн. Жогорку сотко келиши мүмкүн. Соттук көзөмөл бар.

- Минтип сурап жатканымдын себеби Феликс Куловдун ишине Жогорку Сот чекит койо элек деген сөздөр бар. Анткени Жогорку Соттун чечими бериле элек экен. Качан берилет?

- Жогорку соттун чечими Куловго да, жактоочуларына да менин билишимче, берилген. Айрым чет элдик укук коргоочу уюмдардын өкүлдөрү: "Бул - саясый заказ, саясый туткун, камакта жатканы негизсиз" дегенине такыр кошулалбайбыз. Мен сотко келе электе эле Куловдун айыптоо өкүмү менен таанышкам. Ал чоң кызмат орундарды ээлеп туруп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, чарбалык кылмыштарды жасаган, конкреттүү айыптары үчүн соттолгон.

- Акыркы күндөрдө болгон кызматтарга жылдыруу, орундарга жылдыруу боюнча эл арасында Аскар Акаевдин кийинки шайлоого катышууга жасаган даярдыгы деген пикирлерге кандай жооп айтар элеңиз?

- Андай пикирлер болуп жатса, мен андай пикирге кошулалбайм. Бул жерде даярдык көрүп жаткандык жок. Аларды кадрдык ротация деп түшүнөм.

Тектеш

XS
SM
MD
LG