Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

АКШ менен Улуттар уюму Тажикстанда СПИДге каршы күрөшүүгө киришти


ДУШАНБЕ. Улуттар Уюму менен Америка Кошмо Штаттары ВИЧ-инфекциясынын жайылуусуна бөгөт койуу программасынын алкагында Тажикстандын аскердик жетекчилигине 200 миң даана презерватив тапшырды. АКШнын өлкөдөгү элчилигинин маалыматына караганда, жарым жылдык мөөнөткө эсептелген программанын алкагында 16 миң тажик офицери менен солдаттарынын арасында СПИД оорусу жана жыныстык катнаш аркылуу жугуучу башка оорулар жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бирок тажик бийликтери ВИЧ-инфекциясын жугузуп алгандар өлкөнүн армиясында катталбаганын билдиришет. Мындан мурда АКШнын өкмөтү ушундай эле программаларды Кыргызстан менен Өзбекстанда да ишке ашырган.

XS
SM
MD
LG