Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

Япониянын кабинети өлкөнүн коргонуу жөндөмүн жогорулатуучу мыйзамды кабыл алды


ТОКИО. Япониянын министрлер кабинети чет элдик агрессиялар болгон учурда жана башка чукул кырдаалда өлкөнүн коргонуу жөндөмүн жакшыртууну караган мыйзамды кабыл алды. Парламенттин кароосуна жөнөтүлгөн мыйзам Япония менен Американын ортосундагы аскердик кызматташтыкты чыңдап, Америкалык аскерлерге өлкөнүн аэропортторун, жолдорун жана башка объекттерин пайдаланууга укук берет. Ошону менен катар япон аскерлерлери аскердик техниканы ташып баратат деп шектелген чет элдик кемелерди текшерүүгө укук алышат. Өлкөнүн аскердик жөндөмүн кыйла жогорулата турган мындай мыйзам Японияда Дүйнөлүк экинчи согуш аяктагандан бери биринчи жолу кабыл алынып отурат.

XS
SM
MD
LG