Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:00

Ирак шиилеринин саясий лидери жаңы кабыл алынган убактылуу Башмыйзамга ынанбаганын айтты


БАГДАД. Ирактык шиилердин "Ирактагы исламдык революция" партиясынын жетекчиси Абдел Азиз ал-Хаким жаңы кабыл алынган убактылуу Башмыйзамга ынанбаганын айтат. Хаким жалпы улуттук добуш берүүдө шайланбаган бийлик органы, тактап айтканда, Ирактын Башкаруу кеңеши андай мыйзамды иштеп чыкканга да, кабыл алганга да укуксуз деп эсептейт.

- Утурумдук Башмыйзамда олуттуу кемчиликтер бар жана биз аларды келечекте оңдоого тийишбиз. Ал үчүн биз ал документти жалпы элдик шайлоодо шайланган бийлик органынын кароосуна койуубуз зарыл ,- дейт ал-Хаким. Ошону менен бирге эле ал-Хаким Конституия жаңы Иракты курууга карай жасалган маанилүү кадам экенин белгиледи. Кечээ АКШнын тышкы иштер министри Колин Пауэл документ демократиялык өлкөгө мүнөздүү баардык мыйзамдарды камтыды деп билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG