Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Орусия өкмөтүнүн курамы түзүлүп, бекитилди


МОСКВА. Орусиянын премьер-министри Михаил Фрадков өлкөнүн Улуттар уюмундагы элчиси Сергей Лавровду тышкы иштер министри кылып дайындады. Лавров президенттин алдындагы Коопсуздук кеңештин төрагасы болуп дайындалган Сергей Ивановдун ордун басты. Бүгүн Кремль жаңы кабинеттин курамын бекитип, министрликтердин санын 30дан 17нин деңгээлине азайтканын билдирди. Президент Владимир Путин кабинеттеги өзгөрүүлөрдү сыпаттап:

- Конституцияга ылайык 14-марттан кийин кабинет кызматтан кетүүгө тийиш. Бирок азыр түлүзгөн кабинет үчүн бул формалдуу гана процедура болот. Ошентип шайлоо аяктаган соң бюрократтык орундуктар менен министрлик портфелдерди бөлүштүрүү боюнча машакатуу иштен кутулдук дегенге үмүт бар-деди.
Каржы, экономика жана соода министрлери Кудрин менен Греф өз орундарында калышты. Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Виктор Христенко энергетика министри болуп дайындалды.

XS
SM
MD
LG