Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:01

ГУАНТАНАМО ТУТКУНДАРЫНЫН ТАЛАМЫН ЖАКТОО КЫЙМЫЛЫ КҮЧ АЛУУДА


Амирбек Азам уулу, Прага шаары Талибдердин жана “ал-Кайиданын” жоокерлери деп шектелген 650 чакты адам эки жылдан бери Кубанын жанындагы Гуантанамо аралында кармалууда. Бул жерде АКШнын деңиз флотунун базасы бар. Кошмо Штаттар алар согуш майданында кармалгандыктан, терроризмге каршы согуш жүрүп жаткан чакта, туткундарды сотсуз кармоо мүмкүн деп эсептейт. Адам укугун коргоочулар саналуу гана туткундар соттолуп, калгандары адвокаттар менен жолуктурулбагандыктан, алар мыйзамсыз кармалууда дешет. Ушу тушта Гуантамо туткундарын соттоону же айбы жокторун бошотууну талап кылган кыймыл күч алууда.

Соңку күндөрү Кошмо Штаттардын деңиз флотунун Гаунтанамодогу базасында кармалып жаткан туткундарды бошотуу кыймылы күч алууда.

Дүйшөмбү күнү АКШнын Жогорку Сотунун алдында адам укугун коргоочулар менен туткундардын туугандары чогулушуп, Гуантанамодо кармалып жаткандарды соттоп баштоону же аларга эркиндик берүүнү талап кылышты.

Туткундардын көбү 2001-2002-жылдар ортолугунда Ооганстанда кармалган. Укук коргоочулар өз статусун билбеген ондогон туткундар өз жанын өздөрү кыйышканын айтышат.

Маңдайында “Мыйзам баарына тең” деген жазуусу бар Жогорку Сотко кире бериштеги тепкичте укук коргоочулар пресс-конференция да өткөрүштү. Кыймылдын мүчөсү, англиялык актер Корин Редгрейв АКШ өкмөтү биздин сөзүбүздү угуп, туткундарга мыйзамый мамиле жасайт деген тилегин билдирди:

- Биз бул күндү майрамдайбыз деген үмүттөмүн. Бул буерде айтылган сөздөрдүн кубатын далилдечү күн болот. Бул баарыбыз үчүн, Гуантанамодо кармалып жаткандардын бүлөлөрү үчүн чындык.

Гуантанамо туткундарынын таламын Чиркөөлөрдүн улуттук кеңеши, Американын жарандык эркиндик биримдиги жана Эл аралык мунапыс уюму дагы башка топтор да жакташып, Жогорку Сот алдынадагы акцияга чыгышты.

Пресс-конференцияда британиялык туткун Муаззамдын атасы Азмат Бегг президент Бушка жазган катын окуду:

-- Менин уулум эки жыл мурдараак кармалгандан бери, ага не айып тагыла элек, не ал соттоло элек. Мен уулума ырайым кылгыла деп сурабайм, мен адилеттүүлүккө чакырам. Кечирим жасалгандан мурда сот болушу шарт. Бирок, менин уулум соттолбой жатат.

Чиркөөлөрдүн улуттук кеңешинин аткаруучу деректири Роберт Эдгардын сөзүнчө, кеңеш АКШ өкмөтүн туткундарга эркиндик берүүгө чакырбайт:

-- Биз буерге аларды күнөөлөгөнү же актайлы деп чогулбадык. Биз Гуантанамо туткундарынын мыйзамга ылайык кармалышын талап кылганы келдик. Биз алардын фундаменталдуу укуктарынын корголушу үчүн бар аракетибизди жасайбыз. Ансыз, эч ким аларга мыйзамга ылайык адилет мамиле жасаларына ишенбейт.

Гуантанамо туткундарына мыйзамдуу мамиле жасоо кыймылы Пентагон өткөн жумада аларды кармоонун шартын карап көрүү планын жарыя кылгандан кийин бир кыйла жанданып калганын айтка кеткен жөн.

Вашингтондогу жеке менчик Като саясат таануу борборунун вице-президенти Тед Карпентер бардык туткундар мыйзамый укуктарына ээ болсо, жакшы болмок деген ойдо:

- Туткундар АКШнын Конституциясы боюнча толук коргоого алынбаса да, аларды угуу керек. Жок дегенде ар бир адамдын терроризмге байланышы бар экенин кайра териштирип көрүү зарыл. Себеби, Ооганстандагы согуштук жагдайдан улам баш-аламандык күчтүү болчу. Ошондуктан бейкүнөө адамдардын кармалып калышы турган иш.

Ушул эле 8-март күнү Вашингтонго сапарга келген Британиянын ички иштер министри Дэвид Бланкет Гуантанамодо кармалып жаткан беш британ атуулу бир күн ичинде мекенине жөнөтүлөөрүн кабарлады. Алар Лондонго келээр замат полицияга сурак беришип, кийин үйлөрүнө койо берилмекчи. Бирок, башка төрт британиялык азырынча мекенине жөнөтүлбөйт.

Өткөн жумада АКШ өкмөтү Гуантанамодо кармылып жаткан россиялык жети атуулду Москвага өткөрүп берген.
XS
SM
MD
LG