Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

ЧЫГАРМАЧЫЛ ЖАШТАРДЫН АЗЫРКЫ АБАЛЫ


Алтынбек Исмаилов, Бишкек Кыргызстандагы чыгармачыл жаштардын бүгүнкү абалы кандай? Аларга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп жатабы?

Кезегинде адабий чыгармаларды электен өткөрүп, акын-жазуучулардын ишмердүүлүгүнө көзөмөл салып турчу Жазуучулар союзу төрткө бөлүнүп кеткенден кийин жаш таланттарга болгон камкордук солгундай түшкөндөй таасир бар. Бул маселе туурасында Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы Надырбек Алымбековдун көз карашын угалы:

- Өкмөт тарабынан, жазуучулар союзу тарабынан илгкеркидей иш алып баруу жок. Бирок эл экенбиз, бир канча жыл мурда Кыргызстандагы чыгармачыл жаштарды чогултуп фестиваль өткөргөнбүз. Майда китепчелерин чыгарып өздөрүнө тапшырганбыз. Мындайча айтканда, жүгүрсө, аракет кылса бардык нерсе болуп жатат. Былтыр жайында Көлгө бардым. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Төрөкулович өлкө боюнча отузга жакын таланттуу балдарды тандап алып Ысыккөлдө окутту. Аларга Мар Байжиев, Анатай Өмүрканов сыяктуу акын-жазуучулар сабак өтүштү.

Надырбек Алымбековдун жогорудагы оюн Айтматов фондунун менеджери Аида Үсөналиева мындайча толуктады:

- Өткөн жылы Айтматов фонду Щвейцариялык өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча башкармачылыгынын колдоосу менен жаш таланттар үчүн «Дебют-2003» аттуу адабий сынак жарыялаган болчу. Бул сынакка поэзия, проза жана драма жанрлары боюнча 18 жаштан 35 жашка чейинки улан-кыздар катышты. Баш-аягы бизге 200гө жакын чыгарма келип түштү. Биз ошолордун ичинен кырк адамды тандап алып, август айында Ысыккөлдүн Бостери айылында жайгашкан «Белек» пансионатында эки апта жайкы чеберчилик сабактарын окуттук. Дарстар бүткөн соң аларга сертификат берилди. Ал эми ошол жаш таланттардын электен өткөн тандалма чыгармалары үч тилде: орус, кыргыз жана англис тилдеринде жыйнак болуп чыкканы турат.

Бирок медалдын эки бети бар дегендей, жаш калемгерлердин айрымдарына мамлекет тарабынан тике жана кыйыр колдоо көрсөтүлүп жатканы менен алардын басымдуу бөлүгү өбөлгө-жардамга муктаж. Башкасын айтпаганда да буга 2001-жылдын 15-августунда түзүлгөн чыгармачыл жаштардын республикалык «Нурборбор» коомдук бирикмесинин турак-жайсыз талаада калгандыгы айкын далил. Бул жөнүндө аталган бирикменин төрагасы Рыспай Исаков буларды айтты:

- Жазгы кирген буурадай болгон жаштарды пайдаланган өкмөт жок болуп жатат. Башкасын айтпаганда да мына жаштардын бирикмесинин түзүлгөндүгүнө үч-төрт жыл болуп калды. Ошондон бери эч ким көңүл бурбайт. Башбаанек кылар жери жок, азыр ар кайсыл эшикти каккылап, ар кайсыл тешикке кирип көрдүк. Бирок негедир майнап чыкпай жатат.

Рыспай Исаковдун бул пикирине «Нурборбордун» мүчөсү Индира Макешова да кошулду:

- Чыгармачыл жаштар биригип жакшы ойлорду, жакшы маселелерди козгоп, адамдын руханий жандүйнөсүн тазарткан кечелерди өткөрүп же болбосо өзүбүздүн ырларыбызды, аңгемелерибизди талкуулап, жаш болсок да сын-пикирлерибизди айтышып, өзүбүздү-өзүбүз такшалтып, келечек муун үчүн жакшы нерселерди жасайлы деген ой бар болчу. Тилекке каршы, эки-үч айдан бери жолугуша албай калдык.

"Борбордогу чилдей тараган ошол жаш таланттарга өкмөт тарабынан мурдагыдай көңүл бурулбай, алар ар кайсыл жерде эптеп күн көрүп жүрүшөт" дейт Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова:

- Менин тушумда жаштарга аябай көңүл бурулчу. Жаштардын газетасы, журналы бар болчу. Андан сырткары китептери чыгып турчу. Эми ошондой камкордук жок калды. Газетада иштеген жаш акын-жазуучулар эптеп оокат кылышууда. Айрымдары базарга да чыгууда. Карасам кээ бир акындардын китебин ошол жаш акындар базарда сатып жүрүшөт.

Баш калаадагы жаш таланттардын жагдайынан кийин кезекти Ош облусундагы чыгармачыл жаштар менен үзөнгүлөш жүргөн кесиптешим Кожогелди Култегинге берейин:

- Бир карасаң Ошто жаш акын-жазуучуларга дегеле республикада жолукпагандай камкордуктар көрүлгөндөй фактылар бар. Бул Темирбек Акматалиев Ош облус губернатору болуп иштеген мезгилге таандык. Калем кармаган жаштардын баарысынын "ак-көгүнө" карабай ырлары топтолуп «Ак-Буура шоокумдары» деген жыйнак чыгарылды. "Мыдыр эткендин баарысын жарыялагандан майнап жок. Таланттуларды гана колдош керек" деген биздин сыныбыздан кийин Темирбек Акматалаиев сөздүн толук маанисиндеги таланттуу жаш акындар Алиман Абдыкеримованын, Рахат Камбардинованын, Нарсулуу Гургубаеванын, Жанара Мамадалиеванын, Аида Бороонованын, Жанара Шерматованын тырнак алды китептеринин жарык көрүшүнө жардам берди. Бирок кийинки үч жылда мындай шаң, мындай колдоо таптакыр жок.

Эми микрофонду нарындык жаш калемгерлердин ой-пикирлерин чогулткан Күмөндөр Усуповго сунайын. Күмөндөр мырза, сөз сизде:

- Учурдагы чыгармачыл жаштардын ал-абалы тууралуу жергиликтүү акындар Ракым Асылбаев менен Сайрагүл Касымовага кайрылдык:

Р.Асылбаев:

- Бул жаш таланттар эле эмес ыр жазуунун, аңгеме жазуунун техникасын билип калган таланттар деле ар кимиси өз арбайын өзү согуп жүрөт.

С.Касымова:

- Чыгармачыл жаштар менен жолугушуп, төгүлүп-чачылып алалы деген ой болот. Бирок бизге имарат маселеси кыйыныраак. Эшикте туруп алып кантип ыр окумак элек?

Чыгармачыл жаштарга байланышкан көйгөйлүү маселелер Баткен, Талас жана Жалалабад облустарында да арабанын огундай оркоюп көзгө көрүнөт. Аталган облустарда чыгармачыл жаштардын башын бириктирген эч кандай алгылыктуу уюм же бирикмелер жок. Жалалабад облустук «Акыйкат» газетасында эмгектенген акын Абдишарип Бекиловдун ою мындай:

- Жалалабадда чыгармачыл жаштардын эч кандай уюму жок. Биз азыр ар кимибиз ар жерде чыгармаларыбызды бири-бирибизге окуп жүрө беребиз. Жаштарыбыздын башын кошо турган уюм же бирикме ачылса жакшы болмок.

Мамлекет чыгармачыл жаштарга колдоо көрсөтпөй жатат деген жогорудагы туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы жаштар бөлүмүнүн башчысы Калыс Шадыханов каршы:

- Бүгүнкү күндө чыгармачыл жаштарды колдоо үчүн мамлекет тарабынан кыргыз өкмөтүнүн жаштар сыйлыгы деген иштелип чыккан. Бул 2000-жылдан баштап ишке ашты. Өзү он бир бөлүктөн турат. Акындар, жазуучулар, сүрөтчүлөр, кыскасы бардык тармактагы таланттарга тапшырылат. Сыйлык менен кошо 25 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык берилет. Андан сырткары атайын статуэтка жана алтын диплом берилет. Сыйлык эки жылда бир жолу тапшырылат. Бул жаш акын-жазуучулар үчүн абдан пайдалуу экен.

XS
SM
MD
LG