Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:04

ЕВРОБИРИМДИКТИН ӨКҮЛДӨРҮ АНКАРАГА КОЛДОО КӨРСӨТТҮ


Аким Өзгөн, Стамбул, Түркия Евробиримдиктин үч жетекчи өкүлү Анкарада ишсапарда болуп, Түркийанын биримдикке мүчөлүккө өтүү үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоосуна өз колдоосун билдирди.

Түркийада үстүбүздөгү айдын айагында өткөрүлө турган жергиликтүү шайлоолордун алдындагы өнөктүк кыйла күч алган ушул күндөрдө Европа Биримдигине мүчөлүккө өтүү жарайаны менен байланыштуу Анкарадагы дипломатийалык каттам улам барган сайын ургаалдашып баратат.

Кечөө Евробиримдиктин (ЕБ) учурдагы төрагасы, Ирландийанын тышкы иштер министри (ТИМ) Брайан Коуэн (Brian Cowen), алдыдагы мөөнөткө төрагалык милдетин өткөрүп ала турган Голландийанын ТИМ Бен Бот (Ben Bot) жана Еврокомиссийанын (ЕК) кеңейүү иштерине жооптуу мүчөсү Гүнтер Ферхойгенден (Gunter Verheugen) турган биримдиктин үчилтик өкүлү Анкарага ишсапар менен келип, жетекчи чөйрөлөр менен ЕБге мүчө болуу жарайанындагы кийинки өнүгүүлөрдү талкуулады.

Тышкы иштер министрлигинде өткөрүлгөн сүйлөшүүлөргө Еврокеңештин башкатчысы, орток тышкы сайасат жана коопсуздук иштери бойунча жогорку комисары Хавиер Солана (Javier Solana) да катышты. 4,5 саатка созулган жыйындан кийин уйуштурулган маалымат жыйынында чыгып сүйлөп, Ирландийанын ТИМ Брайан Коуэн Еврокомиссийа Түркийанын Копенгаген критерийлерин аткаргандыгы тууралуу жыйынтыкка келсе, анда өлкөнүн мүчөлүккө өтүүсү тууралуу сүйлөшүүлөр кечиктирилбей баштала тургандыгын байандады.

Мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнүн башталуусундагы орчундуу фактор катары реформа жарайанындагы алга карай жылуулар каралаарын белгилеген Коуэн бүгүнгө чейин ишке ашырылган реформалар оң мүнөздүү бааланарын, бирок реформалардын бардык тармактарда иш жүзүндө турмушка ашырылуусу турмуштук мааниге ээ экендигин баса белгиледи. Евробиримдик Кипр аралы бойунча БУУнун башкатчысы Кофи Аннандын жоболорун колдогондугун айткан Коуэн аралды кайра бириктирүү максатында учурда улантылып жаткан жамааттар аралык сүйлөшүүлөр жарайанына Түркийа көрсөткөн көмөк мындан ары дагы улантылышы керектигин баса белгиледи. Ал Кипр маселеси Түркийанын Евробиримдикке мүчө болуусунун алдындагы тоскоолдордун башкысы экендигинин четин чыгаргандай болду.

Европалык үчилтик кечке карай Түркийанын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Жолугушуунун күн тартибиндеги өзөктүү маселе Кипр болуп, Эрдоган Кипр маселесинин жөнгө салынышы үчүн ЕБнин кыйла айкыныраак жана чечкиндүүрөөк иш алып баруусун талап кылса, Гүнтер Ферхойген “Эки тараптын юристтери бул маселеде орток иликтөө жүргүзсүн” деген сунушун кийирди. Эрдоган анын бул сунушуна оң мүнөздүү жооп кайтарды.

Ушинтип, Копенгаген сайасий критерийлеринин чегинде болбогонуна карабастан, Кипр маселеси Түркийанын ЕБге мүчө болуу жарайанындагы башкы факторлордун бирине айлангандыгы таасын байкалууда. Бул чындык кечөө (дүйшөмбүдө) дагы бир жолу такталып, Европа парламентинин “Тышкы карым-катнаштар, адам укуктары, орток коопсуздук жана коргонуу сайасаттары бойунча комиссийасынын” төрагасы, алман (немис) парламентарийи Элмар Брок (Elmar Brok) “Кипр жаңжалы Түркийанын мүчөлүгүнүн алдыңкы шарты болбосо дагы, Анкаранын Ебге мүчөлүк жолундагы орчундуу бир тоскоол болуп эсептелет” деген бир байандамасын жарыйалады. Бул документ Европарламенттин Страсбург шаарындагы жалпы отурумунун шаршембидеги күн тартибинде каралмакчы.

Ушул арада, дипломаттык чөйрөлөрдүн айрым өкүлдөрүнүн пикиринде, Грекийада өткөн жуманын айагында болгон жалпы шайлоолордо башкаруудагы ПАСОК (PASOK) партийасы жеңилип, оппозицийадагы Жаңы Демократийа партийасынын бийликке келүүсү да Кипрдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө жана, жалпысынан, Түркийанын ЕБге мүчө болуу жарайанына тийешелүү таасирин тийгизээри шексиз.

Соңку кабарларга караганда, Вашингтон администрацийасы Грекийанын жаңы өкмөт башчысы Костас Караманлисти (Kostas Karamanlis) куттуктап, аны Кипр жаңжалынын чечилүүсүндө тыгыз кызматташтыкта болууга үндөгөн. Түркийа Кипр жаңжалы бойунча башкатчы Кофи Аннандын планына бир катар өзгөртүүлөр киргизилүүсүн талап кылды жана ал талаптарын өткөн аптанын жума күнү Вашингтонго билдирди.

Кыскасы, Түркийа мындан 150 жылдай мурда Осмон дөөлөтүнүн мезгилинде башталган ‘батыштыкташуу’ өнөктүгүндө эң эле чечүүчү мааниге ээ учурду дал ушул тапта башынанкечирүүдө. 1963-жылы ошол кезде Европанын Экономикалык Коому аталган бул биримдик менен жамааттык келишимин түзгөн Түркийа Жумуруйаты 40 жылдан бери жаземдебей бул мүдөөсүнө - Евробиримдикке толук мүчөлүккө жетүү үчүн бар аргасы менен далаалаттанып келди. Өлкө быйыл декабр айында өтө турган ЕБнин жетекчилеринин саммитиндеги чоң сыноого өзгөчө үмүт артууда.
XS
SM
MD
LG