Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:45

ГУБЕРНАТОР АСКАРБЕК ШАДИЕВ: “СОГДУ МЕНЕН БАЙЛАНЫШ ЧЫҢДАЛАТ”


Шайырбек Эркин уулу, Баткен 4-мартта Тажикстандын Хожент шаарында Баткен жана Согду облустарынын жетекчилеринин жолугушуусу өттү. Анда Кыргызстан менен Тажикстандын коңшулаш эки облусунун башчылары негизинен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, чегара, жол маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул жолугушууда каралган маселелер боюнча кабарчыбыз Баткен облусунун губернатору Аскарбек Шадиев менен маектешкен.

- Аскар мырза, жолугушууда кандай маселелер каралганына токтоло кетсениз?

- Биз Тажик Республикасынын Согду облусунда болдук. Хожент шаарына ырасмий чакырылган элек. Баткен облусунун жетекчиси жана облустагы тиешелүү баардык тармак боюнча адистерибиз бардык. Биринчиден, биз ырахматыбызды айтып, ыраазычылыгыбызды билдирдик. Кеңири программа түзүлгөн экен. Эртең мененден баштап кечке чейин аябай пайдалуу күн болду десек жаңылышпайбыз. Губернатору Касымжан Акбарович Касымов өзү кабыл алып, резиденциясында кеңири сүйлөшүп отурдук. Эң негизгиси - чегара маселелери боюнча сөз болду. Жайланышкандан кийин биз бири-бирибизге эч кандай тоскоолдук кылбайлы деген маселелерди көтөрдүк. Бизде жана Согду облусунда болгон ресурстары пайдаланып, бириккен ишканаларды ачуу боюнча сөз болду. Туризм багытында биз аларга сунуш киргиздик. Кудай буюрса, бул тармак боюнча да жакынкы убакта биргелешкен ишкана ачалы дедик. Жайкысын аларда абдан ысык болот, биздин тоолорго келип эс алып кетишсе деген маселени айтсак, алар толугу менен макул болуп, кызуу колдоп беришти. Эң негизгиси, мен ойлоймун, тыгыз байланышта, ар кандай маселелер чыкса аларды кыска мөөнөттүн ичинде тез арада чечкенге макулдаштык. Андан тышкары, биз жакынкы учурда Кудай буюрса, Сох анклавын айланып өткөн Пүлгөн - Актурпак жолу боюнча жакшы иштерди жасап жатабыз, аны мамлекеттик деңгээлде өкмөт колдоп жатат. "Быйылкы жылы күзгө чейин ишке киргизебиз. Силер дагы ошол жолду пайдалансаңар болот. Силер дагы өз мезгилинде маселе көтөргөн экенсиңер -“жардам көрсөтөбүз деген" десек, алар дагы "биз да карап турбайбыз, колубуздан келишинче өзүбүздүн салымыбызды кошобуз" деген сунуштарды айтышты.

- Өзбекстандын Сох анклавына кирбей өтүүчү Баткен-Исфана жолунун курулушу боюнча айтылган сунуштар жөнүндө айтсаныз. Тажик тарап кандай көмөк көрсөтө турган болду?

- Баткен шаарында турган Айгүлташ подстанциядан Конибадамга чейин 54 чакырымга электр зымы тартылат. Ошол жерде биздин чегарабыздан 18 чакырым линия өтүш керек. Биз альтернативдүү түрдө сунуш киргизип жатабыз: Чарку - Сурх айылдарынын астынан 3,5 чакырым кенедиги 32 метрден турган жер бергиле Самаркандек айылына чейин деп. Маселени Согду облусу колдоп жатат. Бүгүнкү күндө бул маселени эки өлкөнүн өкмөттөрү карап жатат. Биз киргизген сунушту алар өздөрүнүн өкмөтүнө бериптир. Биздин Лейлек, Сүлүктү шаарында, Баткен районунун 3 айыл өкмөтүндө 140 миңден ашуун киши жашайт, аларга эч кандай тоскоолдук болбошу үчүн ошондой жол сурап жатабыз. Ал маселе боюнча Согду облусунун жетекчилиги “бул – өкмөт чече турган иш, бирок биз каршы эмеспиз, бизге эртерээк чечилсе болду” деген ойду билдиришти.

- Эки өлкөнүн чектеш аймактарында талаштуу делген жерлер арбын. Мындай аймактарда жыл сайын жаз мезгилинде жер-суу талаштарынан улам келишпестиктер чыгып турат. Быйыл да тажик атуулдары бак-дарактардын бир канча көчөттөрүн тигип, жер ээлеп алууга аракет жасашканы белгилүү. Бул маселе боюнча кандай сөз болду?

- Бул маселе тууралуу биз кеңири сүйлөштүк. Согду облусунун башчысы айтат, “чындыгында мындай маселелер мурда деле болуп жүргөн. Бирок биз бүгүн ошого чекит коюп, демаркация, делимитация бүткөнгө чейин тажиктер Кыргызстандын жерине, же болбосо кыргыз атуулдарынын тарабынан Тажикстандын жерине көз артпагандай кылып, чекит коюп туруп, комиссия иштеп чыккандан кийин бир чечимге келели” деп. Өткөндө коңшулардын айрымдары биздин жерге дарак отуругузуп кеткен экен, алардын баарысын жулганбыз. Биз айттык "эгерде кайталана турган болсо мамилебиз бузулат" деп. Биз ошол райондун акими менен катуу сүйлөштүк мындай иштер болбош керек деп.

- Эки облустун мындан аркы кызматташтыгы жөнүндө да айта кетсеңиз?

- Биз аларды ырасмий түрдө май айынын экинчи бөлүгүндө чакырабыз деп сүйлөштүк. Кудай буюрса, ага чейин биз дайынданабыз. Дайыма тыгыз байланышта бололу деген жакшы сунуштарды киргиздик. Тарыхты эстеп Исхак Раззаков жана Бабажан Гафуровдун достугун, эки улуу инсан Баткен жана Согду облустарынан болгонун, алар чоң кызматта, республиканы жетектеп турган мезгилде эле эмес, андан кийин да чоң кызматтаиштеп турушуп, Москва шаарында да жолугушуп жүргөн достуктарын эстедик. Мен ойлойм, бизде тыгыз байланыш болуш керек деп. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы чегарабыз бир, коңшулашбыз. Биздин көп продуктыбызды Согду облусуна сатабыз. Алар болсо биздин жолубузду пайдаланат. Ошол үчүн тыгыз байланышта болушуз керек. Биз иштешишибиз абзел.

- Рахмат маегиңизге.
XS
SM
MD
LG