Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Киевде президентке каршы ири демонстрация болду


Чогулган бир нече миң киши күздөгү шайлоолордун алдында көз карандысыз маалымат каражаттарынын кысымга алынышын айыпташты.
Экс-премьер министр Виктор Ющенко тынчтык мүнөздөгү акциянын катышуучуларын октябрдагы президенттик шайлоодо бир талапкердин айланасында баш кошууга чакырды.
Чогулгандар ошондой эле "ББС", "Немис толкуну" жана "Свабода" радиолорун эфирге чыгарып келген "Контынент" үналгысынын жабылышын айыпташты.
Президент Кучма учурда Бангкокто расмий визит менен жүрөт. Киевге эртең кайтып келүүгө тийиш. Ал "коррупцияга малынган, мыйзамсыз курал сатууга аралашкан, шайлоолордун жыйынтыгын бурмалаган, журналист Гонгадзенин 2000-жылы шектүү жагдайда ажал табышына катнашы болгон" деген сыяктуу айыптоолорду четке кагып келатат.

XS
SM
MD
LG