Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН КАТЧЫСЫ АШЫРКУЛОВ: АКСЫ ОКУЯСЫНДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК ӨКҮЛДӨРҮ КҮНӨӨЛҮҮ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Бүгүн (10-мартта) Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында Аксы окуясынын эки жылдыгына карата палатанын төрт комитети тарабынан уюштурулган парламенттик угуу өткөрүлдү. Жыйындын катышуучулары Аксы окуясында адам өлтүрүү боюнча бүгүнкү күнгө чейин бир дагы бийлик өкүлү жоопко тартылбагандыгын айтышты. Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов «карапайым элди мээлеп аткандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сот алдында жооп бериш керек» деген пикирин билдирди.

Жыйынга Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов, Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов, Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Борис Полуектов жана бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрү катышышты.

Адегенде отурумдун катышуучуларына кантип милиция кызматкерлери 2002-жылдын 17-мартында куралсыз элди аткандыгы тууралуу даректүү кино тасма көрсөтүлдү. Андан соң Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Абсамат Масалиев, Оксана Малеваная, Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров сөз сүйлөштү. Алар Аксы окуясындагы бейкүнөө адамдардын өлүмү боюнча бүгүнкү күнгө чейин бир дагы адам жоопко тартылбагандыгын, Аксы окуясы боюнча күнөөлөнгөн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аз убакыттан соң толук акталгандыгын, ал эми Аксы окуясында күнөөлүү делинген жогорку бийлик өкүлдөрү жазаланбай, тескерисинче жооптуу мамлекеттик кызматтарга дайындалгандыгын сынга алып айтышты.

Борис Полуектовдун маалыматына караганда, Аксы окуясы боюнча күнөөлөнгөн аткаруу бийлигинин облустук жана райондук деңгээлдеги жети өкүлү 2002-жылдын 28-декабрында Ош горнизондук соту тарабынан «митинг, пикет өткөрүүгө жолтоо болгон» деген айып менен соттолушуп, 2003-жылдын 16-майында Аскердик сот тарабынан толук акталышкан.

Жабырлануучулардын адвокаты Сартпай Жайчибековдун маалыматына караганда, тергөө иши башынан аягына чейин бир жактуу жүргүзүлүп, жабырлануучулар кылмыш иши менен толук тааныштырылган эмес.

«Натыйжада, күнөөлүү делинген жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн баары толук акталды», - дейт адвокат Сартпай Жайчибеков. Ал эми депутат Азимбек Бекназаров Аксы окуясы тууралуу төмөндөгү оюн билдирди:

- Мамлекет башчы Аскар Акаев баш болгон аткаруу бийлиги «Аксы окуясында күнөөлүүлөр толук жазаланды» деп кыргыз элин жана дүйнө коомчулугун алдап келет. Чындыгында буга чейин сотко өткөрүлгөн кылмыш иши Кылмыш жаза кодексинин «митингге, жүрүшкө, пикетке уруксат бербегендик» деген беренеси боюнча гана козголгон. Ал эми беш адамдын атып өлтүрүлүшү, ондогон адамдардын оор жараат алышы жана мыйзамсыз курал колдонгондук боюнча алигиче кылмыш козголо элек.

Ал эми депутат Исмаил Исаков Аксы окуясында элди аттырууга жогорку бийлик өкүлдөрү тарабынан тапшырма болгондугун «күнөөлүү» деп табылган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү массалык маалымат каражаттарына болгон кайрылуусунда айткандыгын окуп берди:

- Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айыпталганда, ким аларга тапшырма бергендиги тууралуу ачык айтып чыгышты. Алардын кайрылуусунда, Аксы окуясында саясий тапшырма бергендер деп, Мисир Ашыркулов, Темирбек Акматалиев, Болот Жанузаков, Аманбек Карыпкулов, Башкы прокурор Чубак Абышкаев жана Зоотбек Кудайбергеновдун аты-жөнү жазылып турат. Бул оппозиция өкүлдөрүнүн эмес, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн билдирүүсү.

Исмаил Исковдун жогорудагыдай сөзүнөн соң, жыйынга катышкан Коопуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов бул окуяга тийешеси жок экендигин айтты жана Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновго кайрылып, сот адилеттигине жетишүү зарылдыгы тууралуу мындайча оюн ортого салды:

- Менин оюмча, Курманбек Эргешевич, эртеби-кечпи бизде адилеттүү сот болот деп ойлойм. Ошондо мен Калдаров, Осмонов, Калыбаев, Токобаев, Ракишевдерге көптөгөн суроолорду берем. Өзүңүздөр көргөндөй, (милиция кызматркелери) аялдарды, улгайган адамдарды атпай, жалаң жаштарды мээлеп туруп атышкандыгы үчүн мен алар күнөөлүү деп ойлойм. Демек, бул - күн мурунтадан даярдалган. Менин оюмча, алар сөзсүз түрдө мыйзам алдында жооп бериши керек.

Жыйындын соңунда анын катышуучулары мамлекет башчы Аскар Акаевге Аксы окуясы боюнча кылмыш иштерин алты айдын ичинде кайрадан жана адилет кароого көзөмөл жүргүзүүнү сунуштоо тууралуу чечим кабыл алышты.

Акыйкатчыга болсо Аксы окуясы боюнча эл аралык деңгээлде коомдук угуу өткөрүү өтүнүчү айтылды.

Ал эми Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу Аксы окуясынын иликтениш жагдайы боюнча мүчүлүштөр бар экенин баса белгилейт:

- Менин оюмча, бүгүнкү күнгө чейин Аксы окуясы боюнча тийешелүү бир дагы адам жазаланган жок. Ошондуктан бул маселенин коюлушу туура деп эсептейм. Аксы окуясы боюнча бир дагы (адилет) чечим чыкпай жатат.

XS
SM
MD
LG