Алардын бешинчисин, отуз жети жаштагы Жамал ал-Харитти полиция тергеп-тескеген соң бошотуп жиберди. Мурдагы туткундун адвокаты Роберт Лайзардын айтымында,ал-Харит адилетсиз айыпталганы үчүн америкалык бийликтердин жооп беришин талап кылмакчы. Ал бейкүнөө эки жыл камакта жатты, абакта ага ырайымсыз мамиле жасап,ыдык көрсөтүштү, деп айтты адвокат. Вашингтон администрациясы Гуантанамодогу туткундар абагынан британдык беш тургунду бошотуп, Лондон өкмөтүнүн карамагына өткөрүп берген эле.