Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Демократ Жон Керри дагы төрт штатта жеңишке жетишти


Флорида,Техас, Луизиана жана Миссисипидеги партиялык ички шайлоодо ал болжол менен добуштардын 60-70 процентин утуп алды. Демократтардын арасында эми ага атаандаш болчу талапкер калган жок. Быйыл июлда боло турган партиялык курултайда Керри ырасмий түрдө демократтардын президенттикке талапкери болуп аталмакчы. Чикагодогу сөзүндө Керри америкалыктар өлкөнү жаңы багытка баштай турган жетекчиликке өтө муктаж экенин көрсөтүп, бул Жорж Буштун колунан келбей тургандыгын белгиледи. Керри америкалыктарды жаңы багытка баштап, демократияны калыбына келтиргенге сөз берди. Биздин партия Ак үйгө кайра келет, деп ишендирди Керри өз тарапкерлерин.

XS
SM
MD
LG