Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

Казакстандын сенатында жаңы спикер шайланды


Чукул чакырылган бүгүнкү жыйынга президент Нурсултан Назарбаев катышып,палатанын төрагалыгына Нуртай Абыкаевди сунуш кылды. Кандидатура колго салынып, Абыкаев көпчүлүк добуш менен сенаттын төрагалыгына шайланды. Конституцияга ылайык,сенаттын төрагасы зарыл шарттарда президенттин милдетин аткарат. Нуртай Абыкаев буга чейин президент администрациясын жетектеп келген эле. 1999-жылы Абыкаев Түндүк Кореяга сатылган согуш самолетторуна байланыштуу жаңжалдан улам улуттук коопсуздук комитетинин башчылыгынан алынган болчу.

XS
SM
MD
LG