Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:23

ӨЛКӨДӨГҮ МААЛЫМАТ КЫЗМАТТАРЫНЫН ИШИНДЕ ЖЫЛЫШТАР БАРБЫ?


Азиза Турдуева, Бишкек Бүгүн Бишкекте Кыргызстандагы мамлекеттик органдардын маалымат кызматтарынын ишин жакшыртуу маселелерине арналган тегерек үстөл жыйыны өттү. Жыйында маалымдалгандай, соңку мезгилде маалымат кызматтарынын ролу жогорулап, алардын иши мурдагыдан кыйла жакшырууда.

Кыргызстандын министрлик, мекемелеринин маалымат кызматтарынын жетекчилери, облус губернаторлорунун пресс-катчылары катышкан тегерек үстөл жыйынында маалымат кызматтарынын ишиндеги айрым кемчиликтер жана жетишкендиктер жөнүндө айтылып, пикир алмашуулар болду.

Тегерек үстөл жыйынына эки жылдан бери Кыргызстандагы маалымат кызматтарынын ишин жакшыртуу боюнча семинарларды өткөрүп келген Орусиянын “Маалыматка болгон эркиндик боюнча Комиссия” аттуу укук коргоо Фондунун төрагасы Иосиф Дзялошинский да катышты. Алгач, өлкөдөгү мамлекеттик орган, мекемелердин ишиндеги орун алган өзгөрүүлөр боюнча Иосиф Дзялошинскийдин пикирине көңүл бурсак:

- Биринчиден, маалымат кызматтарынын жетекчилери өздөрүн мекеменин жактоочусу катары, өздөрү иштеген мекемелердин кызыкчылыктарына ылайык маалымат каражаттарын көзөмөлдөөчү бөлүм башчысы катары карабай калышты. Экинчиден, алар маалымат каражаттарын тигил же бул мекеменин ишмердүүлүгү боюнча так маалыматтар менен камсыз кылууга милдеттүү экендиктерин жана алардын бул иши кайра эле өздөрү иштеген мекеменин кызыкчылыгында экендигин түшүнүштү. Υчүнчүдөн, маалымат кызматтары иштөө механизмдерин жакшырта башташты, алар пландуу түрдө иштөө ыкмаларына өтүшүүдө. Атүгүл маалымат кызматтарынын өкүлдөрү өздөрүнүн жетекчилерин аларга мекемелердин иштиктүүлүгүн ачык-айкын чагылдырууга жетиштүү түрдө жардам көрсөтпөй жатышкандыгы үчүн сынга алышууда.

Жыйында айрым маалымат кызматтарынын жетекчилери соңку мезгилде чындыгында эле бир топ алгылыктуу көрүнүштөр орун алып жатат деп маалымдашты. Маселен, өткөн жылы бир катар министрликтер менен мекемелер ачык эшик күндөрүн өткөрүшүп, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү министрликтердин иши менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Айрым мекемелердин, алсак, каржы министрлигинин, улуттук банктын маалымат кызматтары болсо, бул мекемелердин адистеринин жардамы менен журналисттер үчүн атайын окуу курстарын уюштура башташты. Мындай аракеттерден улам маалымат каражаттары тарабынан тийешелүү мекемелердин иши тереңирээк чагылдырыла баштады.

Маалымат каржаттарынын өкүлдөрү да мындай иш-чараларды колдошууда.

Акыркы мезгилде республиканын маалымат казматтарынын иши өзгөргөндүгү боюнча ички иштер министрлигинин маалымат бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Бусурманкулов:

- Азыр маалымат кызматтарынын иши олуттуу түрдө өзгөрдү. Анткени, мурда биз мекеменин маалыматтарын эч жакка чыгарбаш керек, айрыкча оппозициялык маалымат каражаттарына угузбаш керек деп ойлойт элек. Ал эми азыр андай жок. Биз, мисалы, азыр мүмкүнчүлүк болушунча министрликтин иши боюнча маалымат каражаттарына көбүрөөк маалымат берүүгө аракет көрүп жатабыз. Маалымат каражаттары менен тыгыз, ынтымактыкта иштөөдөбүз.

Ал эми президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев маалымат кызматтарынын статусун жана ролун жогорулатуу журналисттердин өздөрүнүн колунда деп белгиледи:

- Маалымат кызматтарынын ролун, алардын макамын жогорулатуу азыр журналисттердин колунда. Мисалы, кандай суроо болбосун, журналисттер биринчи кезекте ошол министрликтин же башка мекеменин жетекчилигине, башка бөлүмдөрүнө эмес, так ушул маалымат кызматына кайрылуу керек. Маалымат кызматтар менен тыгыз иштөө керек.

Ал эми тегерек үстөл жыйынына катышкан айрым маалымат каражаттарынын өкүлдөрү басма сөз кызматтарынын ишиндеги орун алган жылыштар менен бирге айрым кемчиликтер жөнүндө да айтышты. Кээ бир журналисттер белгилегендей, айрым маалымат кызматтары дагы эле маалымат каражаттарын тийешелүү маалымат менен камсыздоо милдеттерин так аткарбай келишет, көпчүлүк учурларда маалыматтар кечиктирилип, актуалдуулугун жоготкондо таратылат. Айрым журналисттер кээ бирде бир кайсы бир маалыматты тактоо үчүн көптөгөн бюрократиялык убаракерчиликтерге дуушар болгон учурлар да сын катары айтылды.
XS
SM
MD
LG