Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:07

Нарындык балдар Улуу Британиядан жардам алышты


НАРЫН. Нарындагы балдарды кайра калыбына келтирүү коомдук бирикмеси Улуу Британиянын балдарды коргоо уюмунан жардам алышты. Жардамга муктаж балдардын укугун коргоо боюнча ата-энелердин коомдук бирикмесинин жетекчиси Шарапат Актанованын билдиргенине караганда, учурда алар мүмкүнчүлүгү чектелүү 20 баланы окутуу менен бирге чет өлкөлүк волонтерлор аларга медициналык жактан жардам берип жатышат. Мүмкүнчүлүгү чектелүү 20 баланын Нарын шаарынын ар тарабындагы үйлөрүнөн алып келүү, кайра жеткирүү кыйынчылык туудуруп келген. Улуу Британиянын "Балдарды коргойлу" уюмунун Нарындагы өкүлчүлүгү күйүүчү май маселесин чечип берди. Эми март айынан баштап балдарды атайын бөлүнгөн машина менен бир маал алып келип, кайрадан үйлөрүнө жеткиришүүдө. Ал эми облустун жетекчилери "Намыс" программасынын алкагында балдарга күнүгө бир ирет ысык тамак берүүнү чечип беришти.

Жаңылыктар топтомун Бүбүкан Досалиева, Аманбек Дилденбай жана дубандардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG