Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Калың түшкөн кардан Каракулжа-Алайкуу жолу жабылды


ОШ. Премьер-министр Николай Танаевдин бийик тоолуу чөлкөмдөрдө кар көчкүдөн сактануу жаатында берген көрсөтмө буйругунун негизинде Каракулжа райондук мамлекеттик акимчилиги Каракулжа - Алайкуу жолун 10-март күнү эки күндүк мөөнөт менен ырасмий түрдө жапты. Анткени тоо тараптарга калыңыдыгы 40 сантиметрден ашык кар түштү. Жазгы суук дароо көчкүлөрдү пайда кылаары эске алынды. Бирок эки күндөн кийин аталган узак жолдо эптеп иштеп жаткан кар тазалоочу эки техника жолду дароо ачып үлгүрүшү таптакыр күмөн. Демек каттоо бир нече күнгө токтотулушу мүмкүн. Ырасмий эмес маалыматтарга караганда, Каракулжа - Алайкуу жолундагы кар көчкүлөрдөн улам 8-9-март күндөрү деле каттоо болгон эмес. Район борборунан 100 чакырым алыста жашаган алайкуулуктар жолду тазалоочу техникалардын жетишсиздигине өзгөчө нааразы, тиешелүү министрликтен бул багытта дале жардам күтүшүүдө.

XS
SM
MD
LG