Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

Аскердик ири машыгуу өтөт


БИШКЕК. Ушул жылдын экинчи жарымында Кыргызстан менен Казакстандын аймагында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун, КМШнын жана Шанхай кызматташтык уюмунун күчтөрүнүн «Чек-2004» аттуу биргелешкен машыгуусу болот. Аны өткөрүү сунушун КМШ менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген мамлекеттердин коргоо министрлери жактырышты. Мындай маалыматты бүгүн «Кабар» агенттиги Орусиянын «Новости» агенттигинин кабарына таянып таратты. Ал маалыматка караганда, кеңири масштабдагы биргелешкен машыгуу уюмга кирген мамлекеттердин өз ара ишенимин арттырып, аймактагы коопсуздукту камсыз кылууга өбөлгө болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG