Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Энергетика тармагынын абалы коомдук талкууга алынды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын өнөр жайды өнүктүрүү стратегиясы жана ишкерлик боюнча комитети АКШнын Улуттук демократия институтунун көмөгү менен Кыргызстандын энергетика тармагынын абалын талкуулаган коомдук угуу өткөрдү. Ага президенттин энергетика боюнча атайын өкүлү баштаган өкмөттүн мүчөлөрү жана энергетика тармагынын өкүлдөрү катышышты. Угуунун акырында жыйынтыктоочу резолюция кабыл алынып, анда өлкөдө гидроэлектростанцияларды курууга жана энергетика тармагынын өнүгүүсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө милдеттендирүүчү бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, жаңы мыйзамдарды тезинен кабыл алуу зарылдыгы белгиленди. Комитеттин төрагасы депутат Жаныш Рустембековдун айтымында, мындай резолюция кабыл алууга энергетика тармагындагы башаламандык жана жоопкерчиликсиздик негиз болду. Ал эми «Электростанциялар» акционердик коомунун төрагасы Сагынбек Дордоев Дүйнөлүк банк энергетика тармагындагы абал жөнгө салынып, карыз акча жыйналбаса тарифтерди жогорулатуу талабын коюп жаткандыгын кабарлады. Бул маселе эми 20-мартта парламенттик талкууда каралат.

XS
SM
MD
LG