Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:36

АКШнын ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ ИРИ ЭЛЧИЛИГИ ИРАКТА ЖАЙГАШАТ


Кошмо Штаттар Иракта өлкөнүн жаңы элчилигин уюштуруунун үстүндө иштөөдө. Ал кызматкерлеринин саны 4 миң адамга жеткендиктен, АКШнын дүйнөдөгү эң ири дипломатиялык өкүлчүлүгү болот. Мындай үлкөн элчиликтин түзүлүп жатышы Вашингтондун Ирактагы келечек мүдөөлөрүнө байланышкан суроолорду да жаратууда.

АКШ Иракта өзүнүн жаңы элчилигин түзүү үчүн шашылыш чараларды көрүп жатканын ушул аптада "Вашингтон Пост" гезити жазып чыкты. Элчилик быйыл июнь айында Багдаддын мурда Саддам Хусейинге караштуу болгон сарайларынын биринде ачылышы керек. Учурда күтүлүп жаткандай, АКШ 30-июнда бийликти ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп бермекчи.

Айрым аналиктиктердин пикиринде, жаңы элчиликке байланышкан маалыматтар Вашингтон бийликти ирактыктардын өзүнө тапшыргандан кийин да Багдаддагы окуяларды башкарууга жардам берүүнү улантууга ниеттенип жатканынан кабар берүүдө. Маалыматтарга караганда, элчиликтин америкалык жана ирактык кызматкерлеринин саны 4000 адамга жеткендиктен, ал Кошмо Штаттардын дүйнөдөгү эң чоң дипломатиялык өкүлчүлүгү болмокчу. Ошондой эле бийлик ирактыктардын өзүнө өткөрүлүп берилгенден кийин да бул жерде100 миңдей америкалык аскер калаары белгиленген.

Мурдагы дипломат, азыр Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр боюнча Вашингтондогу борбордо эксперт болуп иштеген Базшиба Крокер (Bathsheba Crocker) АКШнын Багдаддагы жаңы элчилигинин курамы жалаң эле дипломаттардан турбасын айтат:

- Менимче, бир маанилүү нерсени эске алуу керек. Дүйнөнүн кайсыл жеринде болбосун, ири элчиликтер түрдүү мекемелердин адамдарын камтыйт. Андыктан булар Мамлекеттик департаменттин кадимки дипломаттары жана элчиликте иштөөчү башка кызматкерлер эле эмес. Бул жерде Борбордук чалгын кызматынын жоон топ адамдары болот шекилдүү. Ошондой эле калган мекемелерден: эмгек, айыл чарба, соода, каржы министрлигинен көп адамдар келиши мүмкүн.

Элчилик Вашингтон Иракты калыбына келтирүү үчүн берүүчү 18,6 миллиард доллардын сарпталышына көзөмөл салмакчы.

Кошмо Штаттардын мурдагы отун-кубат жана коргоо министри Жеймс Шлезингер (James R. Schlesinger) ирактыктардын ишенимине арзууну көздөп жаткан президент Буштун администрациясы үчүн ошол жардамдын натыйжалуу жумшалышы өтө маанилүү деп эсептейт:

- Биз 18,6 миллиард долларды экономикага салууда салыштырмалуу жай болдук. Ал эми жаңы доор башталып жаткандыктан, элди иш менен камсыздоонун деңгээлин көтөрүп, тынчызданууларды азайта баштоо керек.

Жеймс Шлезингердин пикиринде, Ирактын экономикасына америкалык жардамдын түшө башташы жергиликтүү калктын кубаттоосун жаратат жана алар жалпысынан бийлик ирактыктардын өзүнө өткөрүлүп берилгенден кийин да коопсуздукту сактоо үчүн америкалык аскерлердин өлкөдө кала беришин каалайт.

Ал эми Вашингтондогу эл аралык жана стратегиялык изилдөөлөр борборунун эксперти Базшиба Крокер жаңы элчиликтин түзүлүшү иш жүзүндө ирактыктардын АКШны кабыл алуу маанайын өзгөртпөйт деген көз карашта. АКШнын аскердик эмес кызматкерлери коопсуздукка байланыштуу бетон коргондун ары жагында, обочодо иштей тургандыктан, ирактыктар үчүн дагы бир далай убакытка чейин америкалык жоокерлер гана АКШнын жүзү боло бермекчи:

- Өлкөдө 100миңдей америкалык аскер калып жаткандыктан, алар дагы далайга айырмачылыкты сезбейт. Алардын өз өлкөсүнүн аймагы боюнча өтө эле көп сандагы америкалык аскерлерге туш боло берүүсү уланат. Бул, чынында, азыркыга чейинки оккупациянын көрүнүшү жана бул жагдай улантылмакчы.

"Вашингтон Пост" гезитинин жазганына караганда, АКШ бийликтери коопсуздук жүйөөсүнөн улам жана башка ылайыктуу жай жок болгондуктан, элчиликти коалициялык администрациянын азыркы кеңсесинде жайгаштырууну чечкен. Коалициялык администрация Багдаддын борборунда, мурда Саддам Хусейинге караштуу болгон Жумурият сарайында жайгашкан жана ушул тапта бул жер өзгөчө кайтарылат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG