Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУДА ИЙГИЛИК ЖАРАЛДЫБЫ?


Өткөн жылдын 9 айында Кыргызстанга чет өлкөдөн тартылган инвестициянын көлөмү 80 миллионго жакын долларды түздү. Чет өлкө инвестициясынын көлөмүн арттыруу, аны жеке секторго багыттоо, ишкерлерге экономикалык эркиндик берүү, анын укуктук-мыйзамдык бекем негизин түзүү аракети байма-бай айтылып келет. Чет өлкөлүк инвестиция боюнча консультативдик кеңештин кезектеги отурумунда буга чейин аткарылган иштер жана алдыдагы милдеттер талкууланмакчы.

Консультативдик кеңеш жыйыны жабык эшик артында өтүп, анда каралган маселелер тууралуу кыскача маалымдама таркатылат. Чет өлкөлүк инвестициялар боюнча консультативдик кеңеш президент А.Акаевдин жарлыгы менен 2001-жылдын 22-августунда түзүлгөн. Четтен инвестиция тартуу, ага мыйзамдык-укуктук негиз түзүү милдетин аркалаган кеңешти президент өзү башкарат. Ага премьер-министр баш болуп, президенттин чет өлкөлүк инвестиция тартуу боюнча атайын өкүлү, АКШнын Кыргызстандагы элчиси, “Кумтөр оперейтинг компани” менен “Реемтсма-Кыргызстан” компанияларынын жетекчилери мүчө болуп киришкен.

Консультативдик кеңеш түзүлөөрдөн мурда - 2000-жылдын соңунда эларалык ишкерлик кеңеш түзүлгөн. Эки кеңештин максат-мүдөөсү түпкүлүгүндө бирдей эле - ишкерликке жол ачуу, тыштан инвестицияны арбын тартып, экономиканы алдыга сүрөө аракети. Бул максатта жаңы кеңеш түзүлгөндөн бери инвестициялык матрица иштелип анын аткарылышы тыкыр көзөмөлгө алынып келатат. Ушу тапта андай матрицалардын төртүнчүсү иштөөдө. Өткөн жылдын башында 4-инвестициялык матрицага кол коюлуп ишке киргизилген.

Өкмөт башчы Николай Танаев сырттан инвестиция тартуу ириде аткаруу бийлигинин ишинин натыйжасын аныктайт деген пикирде:

- Жаңы мыйзамды сунуш кылаарда же мыйзамга өзгөртүү киргизээрде силер чет элдик инвесторлор, донор уюмдар менен кеңешип, аларга иштин чоо-жайын түшүндүрүшүңөр керек. Алар биз кабыл алып аткан мыйзамдар алдын-ала белгилүү болсун деген талапты коюшат. Биз бул ишти жакшы аткара албай жатабыз.

Тыштан инвестиция тартуу боюнча консультативдик кеңеш иштегенден бери бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди. Четтен инвесторлорду тартуу боюнча кыйла иштер жасалды. Аны вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев момундайча түшүндүрөт:

- Биринчи маселе премьер-министрдин отчету. Экинчи маселе боюнча менин маалыматым угулат. Анда келечектүү долбоорлор, маркетинг уюштуруу боюнча кеп болот. Эки жарым жыл ичинде 76 мыйзам кабыл алдык. Анын 45и ушу тапта иштеп атат.

Өткөн жылкы 3-Ысыккөл инвестициялык саммитинде экономикалык турмуштун баки-жогун жөндөө аракетинен качуу, ишкерликке экономикалык эркиндик берүү, дегеле жөндөп-тескөө иштерин ачык өткөрүү зарылдыгы көп айтылды. Экономикалык эркиндик мыйзамдык негизде гана чектелээри, даярдалып аткан мыйзамдык, жөнгө салуу документтери чет элдик ири инвесторлор, эларалык уюмдар менен макулдашылгандан кийин ишке киргизилиши туура болору белгиленди. Аны өкмөт жыйынында премьер-министр Николай Танаевдин ырастаган жайы бар:

- Мен сиздер жакшы түшүнсүн деп дагы бир жолу айтып койоюн. Биз аз-аздан жылып отуруп ушу деңгээлге жеттик. Тигил же бул тармакты инвестициялоо боюнча сунуштар түшүүдө. Биз ар бир компания менен ишти ийне-жибине дейре иликтеп чыгуу аракетин көрүүдөбүз. Тоо-кен өндүрүшү, энергетика боюнча көптөгөн сунуштар түшүүдө. Айыл чарба продуктысын иштетүү боюнча сунуштар бар. Бул министрликтер менен ведомстуктардын жагымдуу инвестициялык маанай түзүү аракетинин жемиши.

Кыргыз өкмөтү өзгөчө үмүт арткан тышкы инвестициянын кайрымжысын экономикалык турмуш көрсөтөт. Тышкы карызы ички дүң продуктунун бир жылдык көлөмүнөн ашып кеткен өлкө үчүн экономиканы алдыга сүрөөнүн бир үмүтү ушунда.
XS
SM
MD
LG