Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Президент Жорж Буш шайлоо өнөктүгүн Огайодо улантты


ВАШИНГТОН. Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш шайлоо өнөктүгүн кечээ Огайо штатында улантты. Ал өз сөзүндө азыркы чечилбеген экономикалык маселелер келечекте ишке ашат деп билдирди:

– Акыркы 3 жылда бизге ташталган чакырыктарды чечүүгө туура келди жана биз ал маселелердин баарын жөнгө салуудабыз. Инфляция төмөн, проценттик өлчөмдөр да төмөн, кайра иштетүү, жеке менчик мурда болуп көрбөгөндөй өсүштө. Жумушсуздуктун орточо деңгээли азыр 1970-, 1980- жана 1990-жылдардагыдан төмөн.

Жорж Буштун айтымында, анын өкмөтү табыгый байлыктардын эсебинен жаңы жумуш орундарын ачууга ниеттенүүдө.

Ноябрдагы президенттик жарышта Жорж Бушка демократтар атынан сенатор Жон Керри атаандаш болушу аныкталып калды. Ал кечээ Флорида, Техас жана Луизиана штаттарында өткөн партиялык ички шайлоорлордо жеңишке жетишти.

XS
SM
MD
LG