Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:58

Ооган президенти НАТОдон шайлоолорду өткөрүүгө жардамдашууну суранды


БРЮССЕЛ. Ооганстандын президенти Хамид Карзай быйыл жайында өтө турган жалпы элдик шайлоолорго жардамдашуу өтүнүчү менен НАТОго кайрылды. Аскердик уюмдун өкүлүнүн айтымында, Ооган лидери НАТОго жазган катында шайлоо алдында тизме түзүүгө жана шайлоолорду бейпил, тынч өткөрүү үчүн коопсуздукту камсыз кылууга кошумча күч сурады. Ооганстанда быйыл июнда президенттик шайлоо өткөрүү белгиленген болчу. Бирок анын кандай шартта жана качан өтөөрү али аныктала элек.
Бүгүн НАТОнун генералы Жеймс Жоунс Бириккен улуттар уюмунун мандаты менен киргизилген НАТОнун күчтөрү өлкөнүн баардык аймактарын көзөмөлдөөгө алалбай жатканын билдирди. Ошондуктан, Жеймс Жоунстун айтымында, НАТО Ооганстанда мындан да ыкчам аракеттениши зарыл.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG