Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Абсамат Масалиевдин айтымында, бүгүн «Өкмөт жөнүндө» мыйзамдын долбоорун биринчи окууда кабыл алынышы күтүлүүдө. Бирок мыйзам конституциялык болгондуктан ал эки палатада кеминде дагы эки жолку окуудан өткөрүлүш керек. 5-мартка чейинки талкууда беш берене боюнча талаш пикир жаралып, алар кабыл алынган эмес. Масалиевдин маалыматы боюнча, беш берененин төртөөсү боюнча өкмөт тарап менен орток пикир табылды:
- Бир эле маселе макулдашылбай калды. Өкмөт бардык министрлерди бир эле тизме менен бекитүүнү сунуштап жатат. Биз ага каршы болуп, ар бир министрди жекече комитеттерден, палатадан өткөрүүнү сунуштап жатабыз.
Абсамат Масалиевдин айтымында, бул талаштуу берененин тагдыры добуш берүү менен чечилмекчи.