Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:23

ШУУЛДАГАН КАМЫШТАР. КЫТАЙЛАР КУРГАН КАГАЗ ФАБРИКА. АКСЫ АРМАНЫ…


Токмокто курулган кагаз фабрикасы иштебей турат. Биргелешкен ишкананы кургандар фабрика Кыргызстандын камышы менен саманын пайдаланып кагаз чыгарат деп ишендиришкен. Соттон күдөрү үзүлгөн элеттик аял акыйкаттык издеп Кочкордон Бишкекти карай жөө чыкты. Кыргыз парламентинде Аксы алааматын эскерген коомдук угуу өттү. Жыйын катышуучулары күнөөлүүлөр эмдигиче жазаланбай келатканын айтып, бул ишке көзөмөл кылууну президенттен өтүнүштү. Кыргыз тилин колдоо кыймылынын демилгеси менен калк арасында көрсөтмөлүү иш-чаралар өтүүдө.

Сот адилеттигинен күдөрү үзүлгөн кочкорлук Кайриса Бейшеналиева кызын ээрчитип жөө-жалаң Бишкекти көздөй жолго чыкканын бейшембидеги “МСН” гезити жазды. “Бурганактап жааган карга карабастан, жолго чыккандар биринчи күнү 40 чакырым ашуун жол жүрүп Ортотокой суу сактагычынын тушунан өтүштү”, - деп жазат гезит автору Замир Өсөров.

Гезиттин ушул эле санында парламенттик угуудан уюштурган Рина Приживойттун “Аксы – демократиянын чен-өлчөмү” деген аталышта репортажы жарыяланган. Аксыдагы алааматты эскерген парламенттик угууда Кыргызстандын Коопсуздук кеңеш катчысы Мисир Ашыркулов эртеби-кечпи Аксы боюнча адилет сот болоорун айтып, жаштарды мээлеп атышкандар сөзсүз жазаланаарын билдирген. Ал эми Токмоктогу кыргыз-кытай биргелешкен кагаз фабрикасы иштебей тургандыгы, Кыргызстандын камышы менен саманынан кагаз чыгарууну ойлогон өкмөттүн аракети ишке ашпай калгандыгы Генннадий Кузьминдин “Камыштын шуулдагы, кагаздын үшкүрүгү” деген макаласында козголгон. Айыл жана суу чарба министрлиги Кыргызстандын камышы фабриканын керектөөсүн толук камсыз кыла аларын ырастап, жыл сайын 10 миң тонна жеткирип туруу милдетин алган. “Фабрика долбоорун мас болуп отуруп чийишкендей таасир калтырат”, - деп жазат Г.Кузьмин.

Милиция кызматкерлери, тергөөчүлөр кармалган адамды токмоктошоорун, айыпты мойнуна коюштун айныксыз аргументи катары муштумду пайдаланышаарын бейшембидеги “Вечерний Бишкек” гезитинде Любовь Борисенко жазды.

Эми жума күнү жарыкка чыгуучу кыргыз басылмаларында кандай материалдар даярдалып жатканына көңүл бурсак. “Аалам” гезитинде басууга даярдалып жаткан материалдар тууралуу башкы редактор орунбасары Нарынкүл Назаралиева айтып берет:

- Биздин гезитте айыл чарба реформасынын он жылдыгына карата академик Жамин Акималиев менен журналист Кенжаалы Сарымсаков экөөнүн маеги жарыяланууда. Аңгеме-дүкөн “Жаз келди, жарыша турган кез келди” деп аталат. “Аалам” гезитинин демилгеси менен кыргыз тилине арналган марафондор өткөрүлүүдө. Нарында өтчү тил марафону тууралуу биртоп материалдар жарыяланууда. Гезите Таласта өткөн тил марафонунун жыйынтыктары тууралуу материалдарга да орун берилмекчи. Аксы окуясынын эки жылдыгына арналган Кенжебек Арыкбаевдин материалы да гезиттин жаңы санында жарык көрөт.

“Кыргыз руху” гезитинде жарыяланчу материалдар жөнүндө басылманын редактору Элнура Кулуева баяндайт:

- Акыйкат башкаруу жылындагы түштүк аймагында жасалып жаткан иштер тууралуу материалдар даярдаганбыз. Кызылкыя шаар башчысы М.Абдувасиев менен Өзгөн районунун акими Р.Жолдошевдин маектерин жарыялап жатабыз. Гендер саясаты боюнча бейөкмөт уюм жетекчиси Төлөйкан Исмаилова айым менен аңгемелешкенбиз. Аны гезиттин жаңы санынан окуй аласыздар. Кыргыз телекөрсөтүүсүндөгү ичара пикир келишпестиктер тууралуу журналист Бейшенбек Бекешовдун макаласы да гезиттин жаңы санында жарыяланууда. Мындан тышкары ички иштер министрлиги системасында сенсациялуу дегидей окуялар болууда. Ошолор тууралуу атайын материалдар даярдаганбыз. Ошону окусаңыздар болот.

Кеп кезеги “Бишкек таймс” гезитинин башкы редакторунун орунбасары Эмилбек Момуновдо:

- Азыркы учурда министр же башка жетекчилер менен жөнөкөй адам эмес журналисттердин жолугуп, көйгөйлүү маселелерге карата жообун алуу кыйын. Ошого байланыштуу биз “жагымсыз суроолор” деген жаңы рубрика ачып жатабыз. Алты министр менен белгилүү жетекчилерге суроо берилет. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы өтө олуттуу маселе – темир бизнеси тууралуу аналитикалык макаланы жарыялап жатабыз.
XS
SM
MD
LG