Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:23

ЭМГЕК МИГРАЦИЯСЫНА БАЙЛАНЫШТУУ ОРУСИЯ МЕНЕН ТҮЗҮЛГӨН ПРОТОКОЛ РАТИФИКАЦИЯЛАНДЫ


Бүгүн (11-мартта) Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны Орусия өкмөтү менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган «Эмгек мигранттарынын иши жана аларды социалдык жактан коргоо тууралуу» келишимге өзгөртүү жана кошумчалар киргизүү тууралуу протоколду ратификациялады. Бул протоколдун орус жергесинде эмгектенип жүргөн кыргыз атуулдарына таасири кандай болоор экен?

Эки өлкөнүн өкмөттөрү «Эмгек мигранттарынын иши жана аларды социалдык жактан коргоо тууралуу» келишимге 1996-жылы кол койгон. Ал эми өткөн жылы сентябрь айында ал келишимге өзгөртүү жана кошумчалар киргизүү тууралуу протоколго Москвада кол коюлган. Бул протокол тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынына бейшемби күнү Тышкы иштер министри Аскар Айтматов маалымат берди. Анын айтымында, протокол Орусиядагы кыргыз эмгек мигранттарынын укугун коргоого багытталган жана анда бир катар жеңилдиктер каралган:

- Бул протоколдо Орусияда иштеген кыргыз атуулдарына бир катар жеңилдиктер каралган. Маселен, Орусиянын мыйзамына ылайык ар бир чет өлкөлүк эмгек мигранты үчүн иш берүүчү тарап алдын ала акы төлөш керек. Биздин атуулдар үчүн андай төлөө талап кылынбайт. Биздин атуулдар юридикалык тарап катары катталбай туруп, келген мөөнөтүнө карабай жекече ишкер катары таанылат. Бул норма орус аймагында соода кылып иштеп жүргөн биздин атуулдардын укуктук статусунун легалдашуусуна шарт түзөт. Андан сырткары биздин атуулдар атайын чакыруусуз эле Орусияга барып иштей алат.

Аскар Айтматовдун айтымында, Орусияда туруктуу каттоодо 2 миң, убактылуу каттоодо 76 миң кыргыз атуулу турат. Ал эми эксперттердин эсеби боюнча 300 миңден көп кыргыз атуулдары Орусияда эмгек миграциясында жүрөт. Орусиядагы кыргыз атуулдарынын негизги түйшүктөрү ал өлкөнүн мыйзамдарын билбегендиктен жана убагында каттоого турбагандан келип чыгууда, - деп белгиледи Айтматов. Миграция боюнча департаменттин башчысы Зафар Хакимовдун маалыматы боюнча, кыргыз эмгек мигранттарынын 80% соода-сатык менен алектенет.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары эки өкмөт ортосунда түзүлгөн мындай келишимди жапырт колдошту. Бирок депутат Алишер Абдымомунов «бул келишим түзүү алдында Орусия Кант аба майданында аскерий база курууга аракеттенип жаткан эле; мына ошону пайдаланып, биздин эмгек мигранттары үчүн азыркыга караганда көбүрөөк жеңилдиктерди алсак болот эле» деген пикирин айтып, бирок келишимдин иштеп кетээрине күмөндүгүн билдирди:

- Силерде кыргыз эмгек мигранттары үчүн шартты дагы да жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк бар эле. Буга Орусиянын Кантты сурап жатканы да огожо болмок. Мен Орусия өкүлдөрү менен сүйлөшүп көрдүм, алар бул келишимдин иштеши кыйын болот деген ойдо. Анткени буга ал жакта орун алган коррупция жол бербейт. Билесиңер да, биздин атуулдар милиционерлер, салыкчылар жана башка органдар талап кылган сумманы унчукпай гана берип коюшат.Ошонусу менен аларга жагат.

Алишер Абдымомунов, бирок, келишимди колдоп чыкты.

Андан кийин депутаттар бул протоколду конституциялык көпчүлүк добуш менен ратификациялашты.

Бир катар депутаттар мына ушундай эле маанидеги келишимди Казакстан менен түзүү зарылдыгын белгиледи. Ага карата Айтматов Астана менен андай келишим түзүү аракети бар деп жооп берди. Депутаттар Казакстан аркылуу өткөн кыргыз поезддеринин, автоунааларынын талоонго алынуусу, эмгек мигранттарынын өз акчаларын алып өтүүдө өтө көп кыйынчылыктарга тушугуп жатканы тууралуу маселени козгошуп, алардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында кандай чаралар көрүлөөрү жөнүндө министрден сурашты. Министр Айтматов бул маселе казак тарап менен сүйлөшүүлөрдө расмий деңгээлде козголгонун, бирок укугу бузулган атуулдар көбүнчө ооз жүзүндө айтуу менен чектелгендиктен, тийиштүү чаралар көрүлбөй калып жатканын билдирди. Бирок маселени чечүү аргаларынын бири катары кыргыз поезддерин коопсуздук кызматтары коштоп жүрүүсү тууралуу өкмөткө сунушталып жатканын ал белгиледи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG