Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

Британия: Гуантанамо туткундары үйлөрүнө койо берилди


Британ полициясы апта башында Кошмо Штаттары өткөрүп берген Гуанатанамо түрмөсүнүн мурдакы төрт туткунуна эркиндик берди. Аларга журтунда эч кандай сот жазасы колдонулбады.
Кубадагы америкалык аскерлердин базасында туткунда отурган беш британиялык атуул шейшемби күнү ырасмий Лондонго өткөрүп берилген эле. Алардын бирөө мекенине келээр менен эркиндик алган.
Азыр Гуантанамодогу АКШнын деңиз күчтөрүнүн базасында “ал-Кайидага” же талиптерге кызмат кылган деп шектелген 600дөн ашуун адам кармалууда.
Алар 2001-2002-жылдардын ортолугунда Ооганстанда жана Пакистанда кармалган.

XS
SM
MD
LG