Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:03

Чеченстанда россиялык 7 аскер окко учту


Коогалуу Чеченстанда акыркы 24 саатта россиялык жети жоокер жана жергиликтүү полициянын бир кызматкери өлтүрүлдү.
Бул тууралуу Ассошиэйтед пресс агенттиги Москвачыл чечен өкмөтүнүн атын атабаган өкүлүнө шилтеп маалымдады.
Федералдык жоокерлер чечен козголоңчулары менен болгон кагылышууларда оккко учушкан. Ал эми полиция кызматкери минген машинеси минага кабылып курман болгон.
Белгисиз калууну каалаган ырасмий адамдын сөзүнө караганда, соңку бир күндө россиялык аскерлер чечен адаватчылары менен байланышы бар деген шектенүү менен 160 чамалуу кишини камакка алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG