Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:11

Каракол шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы болуп өттү


КАРАКОЛ. Сессияда өткөн жылдын бюджетинин отчетун шаардык карды башкармалыгынын жетекчиси Черик Акматов маалымдады. Ал эми жаңы 2004-жылга бюджетке 249 млн. сом бекилип, бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу киреше бөлүмүнө 7 пайызга өскөндүгүн шаардык кеңештин депутаты Ыдыров баса белгиледи. Сессиядагы дагы бир орчундуу маселе - мамлекеттик мүлк департаментинин ишиндеги кээ бир так эместиктерди белгилешип, депутаттар бул департаменттин отчетун кийинки сессияга калтырышты. Дагы бир орчундуу кызуу талаш-тартышты туудурган маселе көчөлөрдүн аттарын өзгөртүү жана шаардын кичи райондоруна ат берүү маселеси болду. Шаардын түштүгүндө жаңы түптөлүп келе жаткан кичи районго жергиликтүү жашоочулардын өтүнүчү боюнча "Алтын казык" деген ат берилди. Ал эми шаардын негизги көчөлөрү болгон Карл Маркс жана Максим Горький атындагы көчөлөрдүн аттарын алмаштырууда депутаттар бир пикирге келишкен жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG