Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

Израилдин планын Палестин лидери колдоду


Палестиналыктардын лидери Ясир Арафат автономиянын парламентарийлери менен болгон кездешүүдө Израилдин Газа тилкеси менен Батыш Иордандын айрым бөлүктөрүнөн чыгып кетүү планын оң баалады.
Арафаттын сөзүнчө, израилдиктердин басып алган жерлеринен чыгып кетүүсүн эки жак координациялаш керек жана палестин бийликтери бул иштин коопсуздугун камсыздай алат:

- Мен Мыйзамчылар кеңешинин имаратынын алдында туруп, биз Израилдин Газадагы жана Батыш Иордандагы басып алган жерлеринин кайсы бөлүгүнөн болбосун чыгып кетүүсүн толук колдогонубузду жарыя кылам.

Израилдин өкмөт башчысы Ариел Шарон жакынкы айларда тынчтыкка жетишүү аракетинде жылыш болбосо, Газа тилкесиндеги жөөт конуштарын көчүрүп кетүүнү мерчемдеп жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG